Загрузка документа…
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
26-января 2023-ж. № 1/4
Жергиликтүү бюджетти бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102- беренесинин негизинде жана Первомайский айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясы сунуш кылган Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылга бюджетинин долбоорун жана 2024-2025 жылга кирешелер боюнча болжолун карап чыгып, айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн 2023 жылга кирешелер боюнча бюджети №1 тиркемеге жана 2024-2025 жылга кирешелер боюнча болжолу №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2023-жылга - 15268,2 мин.сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 960,0 мин.сом, тендѳѳчү грант боюнча – 7152,0 мин.сом;
2024-жылга - 16286,2 мин.сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 960,0 мин.сом, тендѳѳчү грант боюнча – 7152,0 мин.сом;
2025-жылга - 17 424,2 мин.сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 960,0 мин.сом, тендѳѳчү грант боюнча – 7152,0 мин.сом;
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн 2023 жылга чыгашалар боюнча бюджети №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2023-жылга - 15268,2 мин.сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 960,0 мин.сом, тендѳѳчү грант боюнча – 7152,0 мин.сом;
2024-жылга - 16286,2 мин.сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 960,0 мин.сом, тендѳѳчү грант боюнча – 7152,0 мин.сом;
2025-жылга - 17 424,2 мин.сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 960,0 мин.сом, тендѳѳчү грант боюнча – 7152,0 мин.сом;
3. Айлык акысын кѳтѳрүү үчүн Республикалык бюжеттен берилген каражаттар максаттуу колдонулсун.
4. 2023-жылга чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, коммуналдык кызматар, кѳмүр, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар,) боюнча жүргүзүлсүн.
5. 2022 – жылы жергиликтүү бюджеттин толук каржыланбай калган айрым чыгыша түрлѳрүн 2023-жылдын бюджетинде каралган каражаттардын (ассигнование) чегинде компенсациялансын.
6. 2023-жылдын 1-январына карата жүгүртүүчү кассалык накталай акча 50,0 миң сом белгиленсин.
7. Атайын эсептердин сметасында бекитилген суммадан ашыкча түшкѳн кирешелер толугу менен жергиликтүү бюджеттин карамагында калат.
8. Бюджеттин киреше бѳлүгүн ашыгы менен аткарылышында айыл аймактагы ѳткѳрүлүүчү коомдук жана маданий иш-чараларды каржылоого багытталат.
9. 2023-жылдын 1 январына карата чыгашаларга караганда кирешелердин ашыгы менен аткарылышын (свободный остаток) №4 тиркемеге ылайык бекитилип бѳлүштүрүлсүн.
10. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер түшкѳндѳ айыл аймактагы социалдык-экономикалык инфраструктураларды, айылды кѳрктѳндүрүү жана турак-жай коммуналдык чарба керектѳѳлѳрдү каржылоого багытталсын.
11. Айыл ѳкмѳт башчысына ѳндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу каражаттарды бѳлүм ичинде ѳзгѳртүүгѳ, толуктоого жана жылдырууга укук берилсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айыл ѳкмѳт башчысы Сартпаев Э О жүктѳлсүн.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |