Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 28-декабры №2/5
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган Айыл аймагынын калктуу конуштарындагы маалыматтык,жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын,курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата (Дизайн код) эрежелери боюнча жалпы жобосун бекитип берүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 25-декабрь 2024-жылдагы №1-3/294 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 27-декабрь 2024-жылдагы отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган Айыл аймагынын калктуу конуштарындагы маалыматтык,жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын,курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата (Дизайн код) эрежелери боюнча жалпы жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
4.Токтом мамлекеттик тилде жазылды
Төрага |
Н.Абдыраманов |