Загрузка документа…
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
26-январь 2023-ж. № 1/7
Первомайский айыл аймагында ичүүчү сууну колдонуу Эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, суу колдонуу Эрежелерин бекитүү талап кылынып жаткандыгы тууралуу Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О Сартпаевдин сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Первомайский айыл аймагында ичүүчү сууну колдонуу Эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 1-тиркеме кагаз түрүндө)
2. Бул токтомду аткаруу “Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилет.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө Первомайский айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлөт.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |