Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 47
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 4 Ош шаарынын Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-июлундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 8 Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жана 2025-жылдын 24-июлундагы № 10 Баткен облусунун Кадамжай районунун А.Орозбеков айылдык кеңештери боюнча;
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 6 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 7 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 17-июлундагы № 6 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 11 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 11 Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңеши боюнча депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 3 чечими.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 9 Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 11 Баткен облусунун Кадамжай районунун А.Орозбеков айылдык кеңештери боюнча;
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 6 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 8 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 3 Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 11 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 12 Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 4 Ош шаарынын Ош шаардык кенеши боюнча;
- Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-июнундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кенеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 17-июлундагы № 6 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык.
- Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 47 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Ош облусу | |||
Ош шаары | |||
1 | Ош АШК, № 4, 11.07.2025-ж. (19.06.2025-ж., өз арызы) | Ош шаардык | Канат уулу Улан (4) "Милдет" депутаттык фракциясы |
2 | Ош АШК, № 4, 11.07.2025-ж. (14.06.2025-ж., өз арызы) | Обозов Мелис Абдыразакович (5) "Милдет"депутаттык фракциясы | |
Жалал-Абад облусу | |||
Майлуу-Суу шаары | |||
3 | Майлуу-Суу АШК, № 4, 02.07.2025-ж. (20.06.2025-ж., өз арызы) | Майлуу-Суу шаардык | Колдаров Раушанбек Абдимиталипович (1) "Эл биримдиги" депутаттык фракциясы |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
4 | Кадамжай АШК, № 8, 14.07.2025-ж. (11.07.2025-ж., өз арызы) | Исхак-Полотхан айылдык (№ 8 Чекели шайлоо округу) | Исакова Зебиниса Мурзамаматовна |
5 | Кадамжай АШК, № 10, 24.07.2025-ж. (22.07.2025-ж., өз арызы) | А.Орозбеков айылдык (№ 2 Охна шайлоо округу) | Аскарова Элмира Исраиловна |
Талас облусу | |||
Айтматов району | |||
6 | Айтматов АШК, № 6, 11.07.2025-ж. (10.07.2025-ж., өз арызы) | Аманбаев айылдык (№ 4 Аманбаев шайлоо округу) | Нуралиев Улан Мырзахматович |
Нарын облусу | |||
Жумгал району | |||
7 | Жумгал АШК, № 7, 10.07.2025-ж. (08.07.2025-ж., өз арызы) | Чаек айылдык (№ 4 Көк-Ой, Эмел, Арал шайлоо округу) | Мамбетова Элмира Кубанычбековна |
Нарын району | |||
8 | Нарын АШК, № 3, 21.07.2025-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0317465 күбөлүгү Нарын райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 1-июлунда берилген) | Учкун айылдык (№ 2 Учкун шайлоо округу) | Кайыпов Бактыбек Асанакунович |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
9 | Ысык-Көл АШК, № 6, 17.07.2025-ж. (27.06.2025-ж., өз арызы) | Чолпон-Ата шаардык | Орузбаев Нурлан Аскарбекович (7) "Улуу Кыргызстан" депутаттык фракциясы |
Жети-Өгүз району | |||
10. | Жети-Өгүз АШК, № 11, 24.07.2025-ж. (16.07.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Суу айылдык (№ 1 Кызыл-Суу шайлоо округу) | Искендеров Бакай Кубанычбекович |
Чүй облусу | |||
Чүй району | |||
11 | Чүй АШК, № 11, 21.07.2025-ж. (23.06.2025-ж., өз арызы) | Чүй айылдык (№ 2 Чүй шайлоо округу) | Изаков Азат Аманбекович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Э.Мамытбекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 47 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош АШК, № 4, 11.07.2025-ж. (11.07.2025-ж., өз арызы) | Ош шаардык | Туратбеков Нурсеит Туратбекович (7) "Милдет" саясий партиясы | Бажы инфраструктурасы мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын, улук оператору |
2 | Ош АШК, № 4, 11.07.2025-ж. (11.07.2025-ж., өз арызы) | Наватов Дастан Эркинбекович (8) "Милдет" саясий партиясы | Жеке ишкер | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
3 | Майлуу-Суу АШК, № 4, 02.07.2025-ж. (27.06.2025-ж., өз арызы) | Майлуу-Суу шаардык | Кожомкулов Женишбек Куватбекович (4) "Эл биримдиги" саясий партиясы | Майлуу-Суу шаардык Социалдык фонд башкармалыгында, маалымат системаларын колдоо боюнча IT-адиси |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
4 | Кадамжай АШК, № 9, 14.07.2025-ж. (11.07.2025-ж., өз арызы) | Исхак-Полотхан айылдык (№ 8 Чекели шайлоо округу) | Полотова Канаатхан Имамовна | Убактылуу иштебейт |
5 | Кадамжай АШК, № 11, 24.07.2025-ж. (23.07.2025-ж., өз арызы) | А.Орозбеков айылдык (№ 2 Охна шайлоо округу) | Шарабидин уулу Русланбек | Жеке ишкер |
Талас облусу | ||||
Айтматов району | ||||
6 | Айтматов АШК, № 6, 11.07.2025-ж. (11.07.2025-ж., өз арызы) | Аманбаев айылдык (№ 4 Аманбаев шайлоо округу) | Качиев Батыркул Эшембекович | Аманбаев айылдык маданият үйүнүн башчысы |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
7 | Жумгал АШК, № 8, 10.07.2025-ж. (09.07.2025-ж., өз арызы) | Чаек айылдык (№ 4 Көк-Ой, Эмел, Арал шайлоо округу) | Көчөрова Элиза Дөөлөтказиевна | Жеке ишкер |
Нарын району | ||||
8 | Нарын АШК, № 3, 21.07.2025-ж. (21.07.2025-ж., өз арызы) | Учкун айылдык (№ 2 Учкун шайлоо округу) | Орозкожо уулу Акай | Э.Токсобаев атындагы орто мектебине мугалим |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
9 | Ысык-Көл АШК, № 6, 17.07.2025-ж. (15.07.2025-ж., өз арызы) | Чолпон-Ата шаардык | Ногойбаев Изат Расулбекович (13) "Улуу Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
Жети-Өгүз району | ||||
10 | Жети-Өгүз АШК, № 11, 24.07.2025-ж. (17.07.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Суу айылдык (№ 1 Кызыл-Суу шайлоо округу) | Шаймолдоев Бактыбек Сагынбекович | Кадастр Жети-Өгүз райондук филиалынын кызматкери |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
11 | Чүй АШК, № 12, 21.07.2025-ж. (21.07.2025-ж., өз арызы) | Чүй айылдык (№ 2 Чүй шайлоо округу) | Сулайманова Гульнар Шаршеновна | Мугалим |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Э.Мамытбекова |