Загрузка документа…
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
26-январь 2023-ж. № 1/8
“Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын турмуш-тиричилик катуу калдыктарын ташып чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык чогулуштардын, Первомайский айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, “Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Мусаевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Первомайский айыл аймагындагы “Ак-Ниет” муниципалдык ишканасы тарабынан катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи 2023-жылдан тартып, Первомайский айыл аймагынын ар бир чарбасынан айына 85 (сексен беш) сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү калк – 50сом бир үй чарбага, жергиликтүү бюджеттен – 35сом бир үй чарбага субсидия катары бекитилсин.
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.
3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев:
- жогорудагы бекитилген субсидияны ай сайын жергиликтүү бюджеттен “Ак-Ниет” муниципалдык ишкана которсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Первомайский айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |