Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

26-январь 2023-ж. № 1/8

 

Первомайский аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча Эрежелерди бекитүү жѳнүндѳ

“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын ишке ашырууда максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 буйругун жетекчиликке алып, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Омурзаковичтин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Первомайский айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча Эрежелер 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 1-тиркеме кагаз түрүндө)

2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.

3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев:

- бул эрежелерди аймактын тургундарынын арасында жайылтсын,

- бул эрежелердин аткарылышын камсыздасын.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин социалдык комиссиясынын тѳрайымы Курбанова Сахаб Мамедовнага жүктѳлсүн.

 

 

Тѳрайым

 

З.М. Кочкорова