Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №1/1
“Кара-Камыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”
Кара-Камыш айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн №3-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Айтымбет уулу Эльбурс Кара-Камыш айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | Ш.Мазакеев |