Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезексиз I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1/1
«Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн №3 протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү Регламентин жетекчиликке алуу менен сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык,Абдыраманов Нурмырза Абасович айылдык кеңештин төрагасы болуп,ал эми Шайдиев Алмазбек Усупбаевич орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Б.Төрөбеков |