Загрузка документа…
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
31-март 2023ж. № 2/10
Чүй областынын өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун сынагына катышуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сартпаевдин Чүй областынын өнүктүрүү фондунун сынагына «Национальный айылындагы сугат лотокторун алмаштыруу» долбоору алкагында катышуу жана жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражат бөлүү жѳнүндѳ маалыматын угуп, талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областынын өнүктүрүү фондунун сынагына «Национальный айылындагы сугат лотокторун алмаштыруу» долбоору 8355,4 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого 200,0мин сом жана айыл тургундарынан 84,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ каражат бѳлүү бекитилсин;
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев долбоорду ишке ашырууда кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржыласын.
3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Борончу уулу Н. жүктөлсүн.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |