Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезексиз I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1/2
«Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жѳнүндѳ»
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын,айкындуулугун жана эл менен байланышын чыӊдоо максатында К.Р.Президентинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы «Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ» №271 Жарлыгы жана Элдик Курултайды ѳткѳрүү боюнча комитетинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген «Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жѳнүндѳгү Жобого» ылайык жана Сары-Челек айылдык Кеӊешинин «Бюджет жана экономика», «Социалдык», «Айыл чарбасы», «Мыйзамдуулук жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 1924-жылдын 29-ноябрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколуна негиз, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2024-жылдын 7-декабрына саат 10-00 гѳ чакырылсын.
2.Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 100 делегаттан турары белгиленсин.
3.Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын ѳткѳрүү жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеӊештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктѳлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин туруктуу комиссияларына (Тѳрагалары:Д.Арстанбеков,К,Темирбеков,Г,Жоробекова,Б.Тѳрѳбеков) жүктѳлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов |
|
Сары-Челек айылдык кеӊешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы №1/2 токтомуна тиркеме
|
Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы
| Ф А А | Кызматы |
1 | Абдыраманов Нурмырза Абасович | Төрага |
2 | Барпиев Уметалы Исакович | катчы |
3 | Тѳрѳбеков Болотбай Аманбаевич | Мүчөсү |
4 | Тургуналиев Кенжебек Оросбекович | Мүчөсү |
5 | Жумабеков Апсалам | Мүчөсү |
Сары-Челек айылдык Кеӊешинин жооптуу катчысы: |
У.Барпиев |