Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №1/3
“III Элдик Курултайды өткөрүү үчүн жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө”
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябры ПЖ № 271 Жарлыгын жетекчиликке алып жана талкуулап, Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңеши биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Камыш айыл аймагындагы округдар, айылдар аралык коомдоштуктардын жыйыны 4-5-декабрь күндөрү графике ылайык өткөрүлсүн (№1-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнүүсү эскертилсин.
2.III Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 07-декабрь күнү саат 10-00 до Топ-Жангак айылындагы Т.Шатманалиев атындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
3.Коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына, айыл аймактын калкынын саны 16031 адам болгондугуна жараша, 100 (жүз) өкүл бекитилсин
4.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы – 7 адамдан бекитилсин (№ 2-тиркеме).
6.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек уулу Фархатка милдеттендирилсин
7. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары А.Темировага жүктөлсүн.
Төрага: | Айтымбет у Э |