Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/1
«Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловдун 2024-жыл аралыгындагы аткарган жумуштары жөнүндөгү отчётун угуу жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика», «Айыл чарбасы жана экология», «Укук,мыйзам жана этика», «Социалдык» маселелелер боюнча туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 11-февралындагы кошмо отурумунун корутундусуна ылайык,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловдун 2024-жылдын аралыгында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары тууралуу отчёттук билдирүүсү кабыл алынсын.
2.Отчёттук билдирүүнү угууда депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иштиктүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды
Төрага |
Н.Абдыраманов |