Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 697 токтомуна) |
Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо социалдык кызматкерлерди жумушка кабыл алуунун тартибин аныктайт, квалификациялык талаптарды, укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана функцияларын, ошондой эле оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибин белгилейт.
2. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификацияга ээ жана оор турмуштук кырдаалдагы адамдарды социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу же болбосо уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын системасында аны уюштуруучу адис;
баалоо - социалдык кызматкердин ишинин жумуш ордунда аткарылуучу функциялык милдеттерине ылайык келишин системалуу аныктоо жол-жобосу.
2-глава. Социалдык кызматкерге карата квалификациялык талаптар
3. Социалдык кызматкерге төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын жараны;
2) 18 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан жогору эмес;
3) социалдык кызматкер "социалдык иш" адистиги боюнча же болбосо педагогикалык/психологиялык/социологиялык/медициналык/экономикалык/юридикалык багыттардагы жогорку же орто кесиптик билимге ээ болушу керек.
4. Төмөнкү адамдар социалдык кызматкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун өкүмү менен социалдык коштоо жана тейлөө объекттерине кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынган;
2) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
3) адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик коопсуздукка каршы жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн, ошондой эле коррупциялык, экономикалык жана мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн жоюлгандыгына карабастан жана/же кылмыштык куугунтуктоого алынган;
4) акыркы үч жылда психиатриялык мекемеде каттоодо турган же стационардык дарылоодон өткөн;
5) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынганына карабастан сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы, зомбулук көрсөтүү, асылуу, киши өлтүрүү үчүн соттуулугу бар же болбосо аталган кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган.
5. Социалдык кызматкердин негизги принциптери:
1) жекече мамиле;
2) мыйзамдуулук;
3) комплекстүүлүк;
4) жоопкерчилик;
5) купуялуулук;
6) өз кызыкчылыгын көздөбөө;
7) коммуникабелдүүлүк;
8) ак ниеттүүлүк.
6. Социалдык кызматкер төмөнкү билимдерге ээ болушу керек:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө;
2) оор турмуштук кырдаалдагы балдарды жана адамдарды социалдык коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери жөнүндө;
3) кесиптик иш катары социалдык иш жөнүндө;
4) социалдык иштин кесиптик-этикалык ченемдери жана баалуулуктары жөнүндө;
5) кызматтарды алуучулардын курактык, психосоциалдык жана этномаданий өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
6) үй-бүлө мүчөлөрүнүн өнүгүүсүнө жана жүрүм-турумуна каада-салттардын, маданияттын, диндин, ошондой эле жеке ишенимдердин жана мамилелердин таасири жөнүндө, мындай таасирдин оң жана терс жактарын эске алуу менен;
7) оор турмуштук кырдаалдагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө;
8) мамлекеттик кепилденген социалдык төлөмдөр жөнүндө;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү жөнүндө.
7. Социалдык кызматкер төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) оор турмуштук кырдаалды идентификациялоо;
2) муктаждыктарды баалоого негизделген жеке пландын долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле анын аткарылышын камсыз кылуу;
3) кызматтарды алуучулардын оор турмуштук кырдаалдан чыгуу боюнча жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
4) кызматтарды алуучуларды социалдык мекемелерге жөнөтүүгө көмөк көрсөтүү;
5) кызматтарды алуучуларга мониторинг жүргүзүү;
6) кызматтарды алуучулардын укуктарын коргоо;
7) кесиптик билимдердин базасын кеңейтүү менен кесибин өркүндөтүү.
8. Социалдык кызматкердин кесиптик жана этикалык баалуулуктары:
1) инсанды урматтоо жана кызматтарды алуучулардын өзүн баалоосун таануу;
2) кызматтарды алуучуларга карата адилеттүү жана айыптоосуз мамиле жасоо;
3) кызматтарды алуучулардын өзүн-өзү аныктоо укугун урматтоо;
4) кызматтарды алуучулардын ишенимин урматтоо;
5) кызмат алуучулар жөнүндө толук маалымдоо жана маалыматты ачыкка чыгарбоо;
6) кызматтарды алуучулардын жеке кадыр-баркын урматтоо;
7) коммуникативдик маданият;
8) эмпатия (адамга боор ооруу);
9) кызматтарды алуучуларга көңүл бөлүү;
10) кесиптин кадыр-баркын жана бүтүндүгүн сактоо жана коргоо, этикалык ченемдерди, билимдерди жана социалдык иштин миссиясын өнүктүрүү;
11) социалдык кызматкердин өз жөндөмдөрүн ачуусуна, өзүн көрсөтүүсүнө жана өзүн-өзү өркүндөтүүсүнө, кесипкөйлүккө жетүүгө болгон муктаждыкка байланышкан баалуулуктар.
9. Социалдык кызматкер өзүнүн кызматтык жүрүм-турумунда төмөнкүлөрдөн алыс болууга тийиш:
1) адамдын жынысы, курагы, расасы, улуту, тили, жарандыгы, социалдык, мүлктүк же үй-бүлөлүк абалы, саясий же диний артыкчылыктарынын белгилери боюнча басмырлоочу мүнөздөгү сөздөрдөн же аракеттерден;
2) оройлуктан, кайдыгер мамиледен, текебердиктен, адилетсиз мамиледен;
3) коркутуудан, кемсинтүүчү сөздөрдөн же репликалардан, нормалдуу баарлашууга тоскоолдук кылуучу аракеттерден.
3-глава. Социалдык кызматкердин укуктары жана милдеттери
10. Социалдык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жетекчилер, кесиптештери жана кызматтарды алуучулар тарабынан жеке кадыр-баркын сыйлоого, өзүнө карата адилеттүү жана сый мамилеге;
2) өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатууга;
3) эмгектин натыйжаларына ылайык эмгек акысынын өз убагында толук көлөмдө төлөнүшүнө;
4) кызматтарды алуучуларга карата чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана кароого катышууга;
5) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын укук ченемсиз аракеттерине мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
6) өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошоого;
7) өзүнүн укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо, кызматка байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү максатында белгиленген тартипте сотко, кесиптик бирлик жана башка органдарга кайрылууга.
11. Социалдык кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;
2) кызматтык нускамага ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга;
3) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) ички эмгек тартибинин белгиленген эрежелерин сактоого;
5) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
6) жумушка кабыл алууда мыйзамдарда каралган зарыл документтерди берүүгө;
7) эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды сактоого;
8) тергөөнүн жана соттун жүрүшүндө баланын укуктарын коргоого;
9) өзгөчө жана кризистик кырдаалдар мезгилинде функциялык милдеттерине ылайык калкка кызмат көрсөтүүгө көмөк көрсөтүүгө.
12. Социалдык кызматкер Кыргыз Республикасынын эмгек жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликтерди тартат.
4-глава. Социалдык кызматкерлердин ишин уюштуруу
13. Социалдык кызматкерди жумушка кабыл алуу, бошотуу жана эмгек тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу тартиби эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Социалдык кызматкер балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан жүргүзүлүүчү аңгемелешүү жолу менен ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптардын негизинде жумушка кабыл алынат.
Социалдык кызматкерди жумушка кабыл алгандан кийин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси окутууну уюштурат.
14. Социалдык кызматкерлерди баалоо (баалоонун мезгилдүүлүгү) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
Баалоону жүргүзүүдө негизги критерийлер төмөнкүлөр болот: эмгектин көлөмү, иштин натыйжасы, аткарылган иштин сапаты, билиминин деңгээли, теориялык жана практикалык даярдыгы, кесиптик этиканын эрежелеринин сакталышы.
15. Баалоонун натыйжаларынын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле социалдык кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн төмөнкүдөй сыйлоо чаралары белгиленет:
1) алкыш жарыялоо;
2) "Жылдын мыкты социалдык кызматкери" наамын ыйгаруу;
3) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого сунуштоо.
16. Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн социалдык кызматкерлердин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого сунушталышы мүмкүн.
17. Балдарды социалдык коштоо Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү жагдайларда жүргүзүлөт:
1) үй-бүлөдө дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде майыптыгы бар баланын болушу;
2) оор турмуштук кырдаалга кабылган баланын же балдардын (анын ичинде камкорчулукта, көзөмөлчүлүктө, багып алган үй-бүлөдө болгон) болушу;
3) укук бузуу жасаган баланын же балдардын (анын ичинде камкорчулукта, көзөмөлчүлүктө, багып алган үй-бүлөдө болгон) болушу;
4) майыптыгы бар адамды, баланы (балдарды) багууну (анын ичинде убактылуу) камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, ошондой эле аларга көзөмөлдүн жоктугу;
5) үй-бүлөлүк чыр-чатактын, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун болушу;
6) белгилүү жашаган жеринин жоктугу, анын ичинде жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн белгилүү жашаган жеринин жоктугу;
7) бала балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган социалдык коргоого жана коштоого муктаж болгон башка жагдайлар.
18. Мамлекеттик коргоого муктаж балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлердин штаттык бирдиктеринин саны төрт миң балага бир социалдык кызматкердин эсебинде белгиленет.
19. Балдарды социалдык коштоо арыздын же оор турмуштук кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо тартибине ылайык мамлекеттик коргоого муктаж болгон балдарды аныктоонун негизинде берилет.
20. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык социалдык тейлөө кызматтарын алуучулардын жеке маалыматтарын коргоону, иштеп чыгууну, сактоону жана пайдаланууну камсыз кылат.
21. Социалдык кызматкер тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын түрлөрү:
1) социалдык-тиричиликтик;
2) социалдык-медициналык;
3) социалдык-психологиялык;
4) социалдык-педагогикалык;
5) социалдык-укуктук.
22. Зарыл болгон учурда социалдык кызматкер тарабынан төмөнкү учурларда кечиктирилгис жардам чаралары көрүлөт:
1) балада анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган психологиялык абалдын болушу, анын ичинде суициддик ниетинин болушу (инсандар аралык чыр-чатактардын, психологиялык травмалардын, өткөргөн кризистик кырдаалдардын кесепетинен);
2) өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын, өрттүн, кыйроолордун кесепетинде жана башка жагдайларда келип чыккан кыйынчылыктардын болушу.
5-глава. Мамлекеттик коргоого муктаж балдарды социалдык тейлөө
23. Социалдык коргоого муктаж балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен иштөө боюнча социалдык кызматкер төмөнкү функцияларды аткарат:
1) оор турмуштук кырдаалдын шарттарына ээ балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын аныктайт жана баалоону жүргүзөт;
2) баланы коргоо боюнча жеке пландын/үй-бүлө менен жекече иштөө планынын негизинде оор турмуштук кырдаалдагы балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык коштоону жүзөгө ашырат;
3) жеке пландын негизинде майыптыгы бар балдарга эрте кийлигишүү кызматын уюштурат;
4) эрте кийлигишүү кызматтарын көрсөтүүдө кейс-менеджментти камсыз кылат;
5) ата-энелерге жана аларды алмаштырган адамдарга, ошондой эле камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн), багып алган үй-бүлөнүн милдеттерин аткарууга талапкер болгон адамдарга балдарды туура тарбиялоого көмөк көрсөтөт;
6) балдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча жарандарга консультацияларды берет;
7) баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу үчүн материалдарды чогултат жана корутундунун долбоорун даярдайт;
8) жарандык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө баланын укуктарын коргойт жана/же кызыкчылыктарын билдирет;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын жашаган жерин аныктоо, ата-энелик укуктарынан ажыратуу, ата-энелик укуктарын чектөө, ата-энелик укуктарынан ажыратпастан баланы алып коюу, балдар катышкан кылмыш иштери боюнча, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн системасынан балдарды алыстатуу маселелери боюнча маалыматтарды даярдайт;
10) ата-энелик укуктары чектелген ата-энелердин балдары менен байланыштар жөнүндө корутундунун долбоорун даярдайт, ошондой эле баладан өзүнчө жашаган ата-эненин баланы тарбиялоодогу жана аны менен баарлашуудагы укуктарын, ошондой эле башка туугандарынын бала менен баарлашууга укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
11) эгерде баланын кызыкчылыгына каршы келбесе, баланы биологиялык ата-энеси менен бириктирүү жана баланы балдардын альтернативдик багуу мекемесинен өз үй-бүлөсүнө кайтаруу боюнча чараларды уюштурат жана көрөт;
12) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн калыбына келтирүү боюнча ата-энелерге жана балдарга көмөк көрсөтөт;
13) балдарды эксплуатациялоонун алдын алуу жана социалдык реабилитациялоого көмөк көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзөт;
14) үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун курмандыктарына жана адам сатуунун курмандыктарына социалдык реабилитациялоого жардам көрсөтөт;
15) көрүлүп жаткан чаралардын жана программалардын натыйжалуулугун баалоого жардам берет, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын натыйжаларына мониторинг жүргүзүүгө жана сереп салууга көмөк көрсөтөт.
24. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн социалдык кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат.