ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
31-март 2023ж. № 2/13
Первомайский айыл аймагында аялдар кеңешинин, жаштар иштери боюнча кеңештин жоболорун бекитүү жѳнүндѳ
Аймактык коомдук комитет, аялдар кеңеши, жаштар иштери боюнча кеңеш жана аксакалдар соту жөнүндө жоболордун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Первомайский айыл аймагында аялдар кеңешинин Жобосу 1-тиркемеде бекитилсин.
2. Первомайский айыл аймагында жаштар иштери боюнча кеңештин Жобосу 2-тиркемеде бекитилсин.
3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.
4. Бул тескемени кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын тѳрайымы С.М. Курбановага жүктѳлѳт.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |
| ||
|
|
|
| ||
|
| Кыргыз Республикасынын Сокулук районунун Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылы 31-мартта № 2/13 токтому 1-тиркемеси менен бекитилген | |||
Первомайский айыл аймагынын Аялдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Первомайский айыл аймагынын Аялдар кеңеши (мындан ары – аялдар кеңеши) аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калктын жашоо турмушун камсыз кылган мекемелер жана уюмдар, аймактагы иш жүргүзгөн коомдук уюмдар жана бирикмелер менен тыгыз байланышта иштеген ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкарган, коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналат.
2. Аялдар кеңеши төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
- коомдук иштерге аялдарды тартууга;
- аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын, энеликти жана балалыкты коргоого;
- Первомайский айыл аймагынын бардык жашоо чөйрөлөрүнө аялдардын бирдей катышуусун камсыз кылууга;
- Первомайский айыл аймагынын коомдук, социалдык жана маданий жашоосунда аялдардын ролун жогорулатууга;
- аялдардын жана алардын балдарынын ден соолугун сактоону камсыз кылууга;
- аялдардын энелик жана үй-бүлөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна;
- жакыр үй-бүлөлөргө колдоо, балдарга, майыптарга, пенсионерлерге жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга.
3. Аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишин ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өзүн-өзү башкаруучулук, ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерине негиздейт.
4. Коомдук уюмдун негизги иш формасы отурум болуп саналат. Аялдар кеңешинин отуруму кварталына 2 жолу өтөт.
5. Аялдар кеңешинин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ.
6. Жашына, билимине, социалдык абалына карабай Первомайский айыл аймагынын активдүү жашоочулары аялдар кеңешинин мүчөсү боло алышат.
7. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
II. Аялдар кеңешинин негизги максаттары
8. Аялдар кеңешинин иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
- аялдардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөнү сактоого;
- ар кандай себептерден улам жетимдикке туш болгон, ата-энесинин камкордугунан, руханий жулуулуктан ажыраган балдарды коргоого;
- аялдардын коомдук иштерге активдүү катышуусу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;
- жеке жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүнү айкалыштырууга;
- үй-бүлө статусун бекемдөөгө;
- улуттук жана руханий аң-сезимди калыбына келтирүүгө;
- Первомайский айыл аймагынын жашоочуларынын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, акыл-эс жана физикалык жактан өстүрүү үчүн шарттарды түзүүгө.
III. Аялдар кеңешинин милдеттери
9. Коюлган максаттарга жетүү үчүн аялдар кеңеши төмөнкү милдеттерди аткарат:
- коомдук ишке аялдарды активдүү тартуу;
- көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштук оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, улгайган жарандарга материалдык жана моралдык жардам берүү;
- үй-бүлөлөк баалуулуктарды, сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо;
- үй-бүлөнү, энеликти бекемдөө, баланын укуктарын коргоо;
- Аламүдүн айыл аймагында жашаган калктын улуттук салттарын сактоо;
- улгайган адамдарга жардам көрсөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу.
IV. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары,
алардын иш алып баруу компетенциясы
10. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, маданий баалуулуктарды жана салттарды сактоо максаты менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарына шайкеш муниципалдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүүгө, аларга колдон келишинче катышууга;
- социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардам көрсөтүүгө;
- аялдардын жана үй-бүлөнүн кызыкчылыктарына, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого тиешелүү тургундардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын карап чыгууга;
- социалдык маселелерди чечүү үчүн демөөрчүлүк каражаттарды тартууга, муниципалдык бюджеттен каражат сурап алууга;
- Первомайский айыл аймагынын аялдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Аламүдүн айыл аймагынын коомчулугунун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын көңүлүн бурууга.
11. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Первомайский айыл аймагынын аялдарын коомдук иштерге тартууга, аларды көргөзмөлөрдү, концерттерди уюштурууга, кызыгуусуна жараша ийримдердин, семинарлардын ишине, башка муниципалдык иш-чараларды уюштурууга тартууга;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- талкууланып жаткан ар кандай маселе боюнча жеке оюн эркин билдирүүгө;
- кайрымдуулук иштерине катышууга;
- өздөрүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;
- жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өздөрүнүн ишинин формасын жана ыкмасын аныктоого;
- консультациялар үчүн адистерди тартууга;
- Первомайский айыл аймагындагы аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча анын сунуштарын кылдат карап чыгууга таянууга.
12. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн ишинин компетенциясына төмөнкүлөр дагы кирет:
- Аялдар кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- төрайымды жана анын орун басарын тандоо;
- аталган уюм каалаган ишти жүзөгө ашыруу, бардык маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.
V. Аялдар кеңешинин төрайымы
13. Аялдар кеңешинин төрайымы, ал эми ал жок учурда анын орун басары:
- Первомайский айыл аймагынын муниципалдык түзүлүшүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдар кеңешинин кызыкчылыктарын коргойт;
- коомдук уюмдун ишин бекитилген иш планга ылайык уюштурат;
- Аялдар кеңешинин отурумун алып барат;
- уюмдун иши жөнүндө отчеттуулукту ишке ашырат;
- ЖМК аркылуу уюмдун иши жөнүндө калкты кабарландыруу укугуна ээ.
VI. Каттоого алынуучу документтер
14. Уюмдун каттоого алынуучу документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Аялдар кеңешинин иш пландары;
- Аялдар кеңешинин отурумдарынын протоколдору;
- уюмдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
- аткарылган иштер жөнүндө отчеттор.
VII. Башка жоболор
15. Аялдар кеңеши пландарга ылайык иш алып барат, алар Аялдар кеңешинин отурумдарында бекитилет жана түзөтүлөт.
16. Аялдар кеңеши өзүнүн ишин туруктуу талдап турат, жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө калкка отчет берет.
|
| Кыргыз Республикасынын Сокулук районунун Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылы 31-мартта № 2/13 токтому 1-тиркемеси менен бекитилген |
Первомайский айыл аймагынын
Жаштар иштери боюнча кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Первомайский айыл аймагынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) кеңеш берүүчү, коллегиялык жана консультациялык орган болуп эсептелет.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңеш Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аймакта иштеген ишканалар, уюмдар, мекемелер, аймактын жаштарынын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүү боюнча жаштар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында түзүлөт.
4. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылууну Первомайский айыл өкмөтү ишке ашырат.
II. Кеңештин негизги милдеттери жана ишмердигинин багыттары
5. Кеңештин негизги милдеттери жана ишмердигинин багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
5.1. Первомайский айыл аймагынын жаштар саясатынын стратегиясы жана артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5.2. жаштар маселелери боюнча ишканалар, мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
5.3. жаштардын актуалдуу көйгөлөрүн чечүүдө Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ишин координациялоо боюнча сунуштарды даярдоо;
5.4. жаштар маселелери боюнча Первомайсий айыл аймагынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна сунуштарды талдоо жана даярдоо;
5.5. Первомайский айыл аймагынын жаштар иши боюнча мамлекеттик жана муниципалдык программаларды ишке ашырууга катышуу;
5.6. жаштарды колдоо жана актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ишин талдоо;
5.7. жаштардын кызыкчылыктарын козгогон социалдык колдоо маселелерин жана башка маселелерди чечүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
5.8. Кеңештин иш жүргүзүү чөйрөсүнө тиешелүү илимий изилдөөлөрдү уюштурууга, маалыматтык, методикалык жана башка материалдарды даярдоого катышуу;
5.9. Кеңештин жана аны менен өз ара аракеттенген уюмдардын иши жөнүндө калкка маалымат берүү.
III. Кеңештин жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6. Аталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
6.1. өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана башка документтерди Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, муниципалдык ишканалардан жана мекемелерден, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдардан суроого;
6.2. жетекчилер менен макулдашуу боюнча Кеңештин ишин жүргүзүүгө тиешелүү маселелерди иштеп чыгууга Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга;
6.3. Кеңештин отурумуна мамлекеттик органдардын, Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Первомайский айыл аймагында иштеген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилерин жана өкүлдөрүн чакырууга;
6.4. белгиленген тартипте Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик бийликтин аймактык органдарына жана коомдук уюмдарга өз ишин жүргүзүү маселелери боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүүгө;
6.5. Кеңештин ишин жүргүзүүгө тиешелүү маселелер боюнча жарандардын жана уюмдардын сунуштарын карап чыгуу үчүн кабыл алууга;
6.6. Кеңешти отурумуна сунуштарды даярдоо үчүн Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
6.7. кабыл алынган чечимдер жөнүндө Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарландырууга.
7. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
7.1. Кеңеште өз ишин алар өкүлү болгон уюмдардын Уставдарына жана Жоболоруна, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырууга;
7.2. Кеңештин отурумдарына катышууга.
IV. Кеңештин курамы жана иш тартиби
8. Кеңеш төмөнкүлөрдөн турат:
- Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн;
- жаштар бирикмелеринин жана топторунун өкүлдөрүнөн;
- Первомайский айыл аймагындагы ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн.
.Кеңештин жеке курамы Аламүдүн айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет. Кеңештин курамы Кеңештин төрагасын кошкондо 7 адамдан ашпайт. Андан ары анын курамынан Кеңештин мүчөлөрүн чыгаруунун жана Кеңешке жаңы мүчөрдү кабыл алуунун эсебинен Кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
9. Кеңештин төрагасын Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан, кеңештин мүчѳлѳрүнѳн дайындалат, кеңештин катчысы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат жана Кеңештин мүчөсү болуп эсептелбейт.
10. Кеңештин курамынан чыгаруу Кеңештин төрагасынын буйругу менен төмөнкү негиздер боюнча ишке ашырылат:
- Кеңештин мүчөсүнүн жеке арызы;
- Кеңештин мүчөсүн кайра чакыртып алуу өтүнүч каты;
- Кеңештин мүчөсүнүн Кеңештин отурумдарына жана ишине дайыма катышпоосу;
- өкүл болгон уюмдун курамынан Кеңештин мүчөсүнүн чыгуусу.
11. Кеңеш өз ишин отурум формасында ишке ашырат, ал планга ылайык кварталына кеминде эки жолу өткөрүлөт.
Эгер отурумдун ишине Кеңештин үчтөн бири катышса, аны өткөрүүгө укуктуу деп эсептелет. Кеңештин отурумдары ачык болуп саналат.
12. Кеңештин отурумунун күн тартибин Кеңештин төрагасы жана катчысы жылдык планга жана кошумча маселелерге ылайык түзүшөт. Кеңештин жылдык иш планы ошол жылдын акыркы отурумунда Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен түзүлөт. Кеңештин отурумунда карап чыгууга маселелерди даярдоону катчы, Кеңештин мүчөлөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ же комиссия ишке ашырат.
13. Карала турган маселелер боюнча чечим “ооба”, “каршы” же “калыс” деген ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
Эгер чечимге катышкандардын кеминде жарымы добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет. Добуш берүү тең чыккан учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
14. Кеңештин чечими катчы жүргүзгөн протокол менен таризделет. Протоколго жана Кеңештин чечимине Кеңештин төрагасы жана катчысы кол коёт.
15. Кеңештин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ жана Первомайский айыл аймагынын жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын чечимдерин, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилеринин буйруктарын даярдоодо пайдаланылышы мүмкүн.
16. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
V. Башка жоболор
17. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кеңештин мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча киргизилет жана Первомайский айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.