Редакцияот 13.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын  кезектеги VII сессиясы

 

  2025-жылдын 13-майындагы  №35

 

«Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Ничке-Сай айылынын “Узун-Булак” участогунун №1269 контурундагы 5,8 га, №1273 контурундагы 1,8 га кайрак айдоо жерлерин калктуу конушка которуу (трансформациялоо) жөнүндө»

 

      Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Ничке-Сай айылынын “Узун-Булак” участогунун №1269 контурундагы 5,8 га, №1273 контурундагы 1,8 га кайрак айдоо жерлерин калктуу конушка трансформациялоого кирбей калган боюнча Ничке-Сай айылынын жашоочуларынын арызын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Ничке-Сай айылынын “Узун-Булак” участогунун жерлерин төмөндөгү контурларын:

№1269 -  5,8 га

№1273 – 1,8 га

    2. Жалпы - 7,6 га жерлеринин контурларын калктуу конушка трансформациялоого макулдук берилсин.

3.Токтомду ишке ашыруу жагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын өкмөтүнүн

башчысы М.Ө.Сатаровго милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Төрага

 

        А.Т.Уметалиев