Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/2
«Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө»
Сары-Челек айылдык кеӊеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен №1-тиркемеге ылайык канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 22 052,6 (жыйырма эки миллион элүү эки миң алты жүз) сом, теңдөөчү трансферт 8 319,1 (сегиз миллион үч жүз он тогуз миң бир жүз) сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 1 445,6 (бир миллион төрт жүз кырк беш миӊ алты жүз) сом сумма менен бюджеттин жалпы суммасы: 31 817,3 (отуз бир миллион сегиз жүз он жети миң үч жуз) сом, атайын каражаттан ата-энелер төлөмү 3 359,0 (үч миллион үч жүз элүү тогуз миӊ) сом сумма кошулуп, 35 176,3 (отуз беш миллион бир жүз жетимиш алты миӊ уч жүз) сом суммасында №2-тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 1 445,6 (бир миллион төрт жүз кырк беш миӊ алты жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине негиз жайыт жерлердин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бекитилген тиркемеге ылайык жумшалсын.
4. Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети өздүк бекитилген киреше жана трансферттер менен 3-тиркемеге негиз бекитилсин.
5. Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №4,5,6,7,8-тиркемелерге ылайык, атайын каражаттагы бала-бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 35 176,3 (отуз беш миллион бир жүз жетимиш алты миӊ уч жүз) сом менен бекитилсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү трансферт “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын долбоорунун Республикалык бюджет жонундогу” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр боюнча чыгымдарды каржылоого жумшалаары белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 2 пайызга чейинки же болбосо 290,4 (эки жүз токсон миң төрт жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Айыл аймагындагы бюджеттик мекемелеринин кышка карата болгон даярдыгын толук камсыз кылуу максатында кѳмүр сатып алууга жетпей калган 2410,0 (эки миллион төрт жүз он миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине, бюджеттик кодекстин 115- статьясынын 4-пуктуна негиз 1-июнга чейинки өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда жергиликтүү бюджеттен бөлүп берилсин.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Төлөбаевге милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
12. Токтом Sary-chelek.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |