Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

31-март 2023ж. № 2/14

 

Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен урѳнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьекттерине ижара акысын бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" типтүү жобонун 22-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-ни буйругунун тиркемесине ылайык,  айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен урѳнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьекттерине ижара акысы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:

-сугат жерлерге – 12629сом 1 гектарына,

-кайрак жерлерге – 2193сом 1 гектарына,

-чѳп чабынды жерлерге – 419 смо 1 гектарына.

2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.

3. Бул тескемени кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Э.М.Насировго жүктѳлѳт. 

 

 

Тѳрайым

 

З.М. Кочкорова