Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/3
«Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын киреше бөлүгүнөн 2025-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Сары-Челек айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын киреше бөлүгүнөн 2025-жылга калган 1 876,1 (бир миллион сегиз жүз жетимиш алты миӊ бир жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте жумшалсын:
-Муниципалдык менчикке жана долбоорлорго документ
иштерин даярдоо үчүн - 603 300,0
-Коргон айылынын Кара-Таш участкасындагы кирпич заводтун
ижарага алынуучу жеринин айыл чарба жоготуулары үчүн - 476 200,0
-Мектептерди жана бала бакчаларды дезинфекциялоо
иштерине 2024-жыл үчүн - 99 000,0
-Түрткү берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн - 697 600,0
Жалпы суммасы: 1 876,1 (бир миллион сегиз жүз жетимиш алты миӊ бир жүз) сом жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Sary-chelek.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |