Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-5

 

Ат-Башы айылындагы “Мистекан Сооронбаева” атындагы паркынын курулушунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угуу жөнүндө

 

           Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

                                  

1.    Ат-Башы айылындагы “Мистекан Сооронбаева” атындагы парктын курулушунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угуу кийинки сессиянын күн тартибине киргизилсин;

 

2.    Айыл өкмөтү тарабынан парк курулушунун жүрүшү боюнча толук маалымат жана аткарылган иштер боюнча отчет даярдалып, айылдык кеңештин кийинки сессиясында сунушталсын;

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

   

Тѳрага

У.  Мелис уулу