Загрузка документа…
ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН
XXIX-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IV-СЕССИЯСЫНЫН
2025-жылдын 28-февралы №18
Жети-Өгүз айыл аймагынын туракимараттары жана жайга мүлк салыгынын
өлчөмү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык Кодексине жана “ Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонуунга киргизүү жонүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигин эске алып Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңешин XXIX-чакырылышын IV-сессиясы токтом кылат:
1.2025-жылдын 1-январь айынан тартып турак имараттары жана жайлары үчүн Жети-Өгүз айыл аймагындагы мүлк салыгы төмөндөгүдөй өлчөмдө ишке киргизилсин.
2. 2025-жылдын 1-январь айынан баштап Кыргыз республикасынын Салык Кодексинин №379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык турак имараттары жана жайлары үчүн 1 чарчы метр үчүн ставка 2 сом өлчөмүндө болуп бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышы көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Докоевго тапшырылсын.
Төрага Ургаипов Б