Загрузка документа…
ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН
XXIX-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ III-СЕССИЯСЫНЫН
2025-жылдын 7-февралы №19
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата атайын бет эсебиндеги эркин калдык акча каражатын бекитүү жана 2024-жылдын аткарылышы жөнүндө.
2025-жылга «Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып аткаруу максатында Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл кенешинин
XXIX-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН III-СЕССИЯСЫ
Токтом кылат:
1.Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика жана социалдык өнүүгү бөлүмүнүн башчысы Ж.Дыйканованын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, 1-январь 2025-жылга карата калган атайын бет эсебинде эркин акча каражаты б.а 826 966.90тыйын (сегиз жүз жыйырма алты миң тогуз жүз алтымыш алты сом) 90 тыйын сметага ылайык көрсөткүчтө бекитилсин. 1-тиркемегеылайык бекитилсин:
2.Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген атайын бет эсебиндеги эркин акча каражатынын чыгымдоо жагы финансы-экономика жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Дыйкановага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышы көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Докоевке жана айыл кенешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.Дыйкановко тапшырылсын.
Жети-Өгүз айыл кенешинин төрагасы Б.Ургаипов