Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/6
«Сары-Челек айыл аймагындагы суудан коргоочу зоналардын жана суу объкт тилкелеринин аралыктарынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-февралындагы 01-3/39 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-февралындагы корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Челек айыл аймагындагы суудан коргоочу зоналардын жана суу объект тилкелеринин аралыктарынын өлчөмү 15 м болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |