Редакцияот 12.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

12-апрель 2023-ж № 3\18

 

Первомайский айыл аймагындагы ичүүчү сууну колдонуучулар жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын жана 2023-жылдын 26-январындагы Первомайский айылдык кеӊештин № токтому менен бекитилген «Первомайский айыл аймагындагы ичүүчү сууну колдонуу боюнча” Жобонун негизинде, ичүүчү сууну колдонууну тартипке келтирүү максатында, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Первомайский айыл аймагындагы “Ак-Ниет” муниципалдык иш канасы:

- аймактагы ичүүчү суу колдонуучу ар бир абоненттер менен тез аранын ичинде “Суу камсыздоо келишимин” түзсүн.

- буга жери суу колдонуп, бирок келишим түзгөндөн баш тартып, төлөмүн төлөбөй келген абоненттерге, тез арада карызын төлөп келишим түзүү керектиги тууралуу эскертүүлөр берилсин.

- эскертүү алгандан кийин 10 күн ичинде карызын төлөбөй, келишим түзүүдөн баш тарткан абоненттерге, суу түтүктөрүнөн ажыратуу менен ичүүчү сууну берүү токтотулсун.

2. Первомайский айыл аймагынын ар бир жеке менчик ээси (үй чарба), муниципалдык турак жайда жашаган жардар жана юридикалык чарба ээлери:

- тез аранын ичинде “Ак-Ниет” муниципалдык ишкана менен милдетүү түрдө “Суу камсыздоо келишимин” түзсүн.

- түзүлгөн келишимдин негизинде гана абоненттер ичүүчү сууну колдонсу милдеттендирилет.

3. Эскертүү алгандан кийин 10 күн ичинде карызын төлөбөй, келишим түзүүдөн баш тарткан абоненттерге, суу түтүктөрүнөн ажыратуу менен ичүүчү сууну берүү токтотуу үчүн, “Ак-Ниет” муниципалдык ишканага көмөк көрсөтүү максатында төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

- “Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын адистери

- Насиров Эльман – айылдык кеӊештин депутаты;

- Асамбеков Жалил – айылдык кеӊештин депутаты;

- Ибраимов Эрнис – айылдык кеӊештин депутаты;

- Первомайский айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси;

- ар бир кварталдык комитет өздөрүнө тийешелүү участокторунда;

- Джунусалиев Бактыбек Национальный жана Панфилова айылдары боюнча айыл башчы

- аймактагы айылдардын участкалык милиционерлери.

4. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.

4. Бул тескемени кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Э.Б. Ибраимовго жүктѳлѳт.

 

 

Тѳрайым

 

З.М. Кочкорова