Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/7
«Кыргыз Респупубликасынын салык кодексинин 379,380-беренесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу,турак жай имараттарына жана курулмаларына салык ставкасын 2025-2027-жылдарга колдонуу үчүн,төлөнүүчү акча каражатынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 22-январь 2025-жылдагы №01-3/14 сандагы кайрылуусуна негиз жана айылдык Кеңештин “Айыл чарбасы жана экология” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-февралындагы отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Респупубликасынын салык кодексинин 379,380-беренесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу,турак жай имараттарына жана курулмаларына салык ставкасын 2025-2027-жылдарга колдонуу үчүн,төлөнүүчү акча каражаты 30 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду жетекчиликке алып,мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |