Загрузка документа…
ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXIX-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IV СЕССИЯСЫНЫН
2025-жылдын 25-март №21
Швейцария Өкмөтү, Швейцария жана кызматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып жаткан айыл аймагында «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбооруна каралган акча каражаты тууралуу.
Швейцария өкмөтү каржылаган «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоордун алкагында дараметин жогорулатуучу грант катары бериле турган акча каражатын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке киргизип жана чыгымдоолоруна кошумча 125000(бир жүз жыйырма беш мин) сомду туура пайдалануу максатында Жети-Өгүз айылдык кенешинин ХХIХ –чакырылыштын IV- кезектеги сессиясы т о к т о м к ы л а т:
1. Швейцария Өкмөтү каржылаган Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоордун алкагында дараметин жогорулатуучу грант катары келип жаткан 125000(бир жүз жыйырма беш мин) сом акча каражаты Жети-Өгуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелип, айыл өкмөтүнүн дараметин жогорулатууга чыгымдалсын.
2. Жети-Өгүз райондук финансы башкармалыгынын дарамети жогорулатуучу грант катары келип жаткан 125000(бир жүз жыйырма беш мин)сом акча каражатын аппарат бөлүмүнүн атайын эсептик счетуна 2215 беренесине кошумча бекитип берүү суралсын.
3.Каралган акча каражатын өз убагында туура пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Докоевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы каржы-экономикалык бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Дыйкановко милдеттендирилсин.
Төрага Б.Ургаипов