Редакцияот 14.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXIX -ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКТЕГИ V-СЕССИЯСЫНЫН

 

2025-жыл 14-июль № 43                                                      

 

Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Таза- Суу муниципалдык  ишканаларынын биригүүсү жөнүндө.

 

    Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы У.Докоевтин билдирүүсүнүн негизинде  Жети-Өгүз айылдык   кеңешинин  ХХIX –чакырылыштын  кезектеги  V- сессиясы  т о к т о м   к ы л а т:

 

1.Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу муниципалдык Таза-Суу ишканалары Жети-Өгүз айылынын Таза-Суу муниципалдык ишкансына бириктирилсин жана   «Жети-Өгүз Таза-Суу» муниципалдык ишканасы түзүлсүн.

 

2.Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу муниципалдык Таза-Суу ишканалары  Жети-Өгүз айылынын Таза-Суу муниципалдык ишкансына бириктирүүдө аларга тиешелүү имараттары жана мүлктөрү айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

 

3. Жүргүзүлгөн иштерге  көзөмөл кылып иш алып баруу жагы Жети-Өгүз айыл      аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Докоевке   милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

 Төрага                                                                                       Ургаипов Б