Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/8
«Айыл аймагынын мыкты спортчуларына Сары-Челек айыл аймагынын «Ардактуу Атуулу» наамдарын берүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-январындагы №01-3/26 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-февралындагы корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Республикалык жана дүйнолүк деңгээлдеги спорттук мелдештерге катышып,байгелүү орундарды камсыз кылган төмөндөгү спортчуларга Сары-Челек айыл аймагынын «Ардактуу Атуулу» наамдары ыйгарылсын.
Аскаралы уулу Акай – Коргон айылынын жашоочусу
Нуркамал уулу Шабдан – Авлетим айылынын жашоочусу
Мунарбеков Муктарбек Мунарбекович – Товар-Сай айылынын жашоочусу
Ильяс уулу Кыялбек – Мукур айылынын жашоочусу
2.Сыйлоого байланыштуу материалдык-финансалык маселелерди чечип, сыйлоону салтанаттуу түрдө уюштурууну колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |