Редакцияот 21.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXIX -ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН

 

  2025-жыл 21-август   № 59                                                                 

Жети-Өгүз айыл өкмөтүнө таштанды чыгаруучу

техника  алуу жөнүдө.

 

      Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык  автоунаа «Шевролет-треккер» лизинг аркылу алуу максатында, Жети-Өгүз  айылдык  кеңешинин    ХХIX –чакырылыштын  кезексиз    сессиясы   т о к т о м    к ы л а т:

 

  1. Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер»  алынсын.

 

  1. Алынган автоунааларды лизингдин буткул мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техникаларын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.

 

  1. Кызматтык автоунаанын толомдору 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

 

  1. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Докоевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзомолгө алуу, айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                  Ургаипов Б