Редакцияот 12.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

12-апрель 2023-ж № 3\20

 

Жайыт колдонуу режимдерин бузуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексинин 251-252 беренелерине ылайык жана 2009-жылдын 26-январы № 30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Первомайский айыл аймагынын жайыт комитетинин жайыттарда мыйзамсыз жайуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Первомайский айыл аймагындагы жайытты пайдаланууга ылайык эс алууга бөлүнгөн табигый жайыт жерлеринде белгиленген мөөнөттөн мурда мал жаюуну, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок табигый жана маданий жайыттар аркылуу мал айдоону билдирген менчигинин түрүнө карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу – жеке жактарга 75(7500сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

2. Менчигинин түрүнө карабастан Первомайский айыл аймагындагы жерлердеги табигый жана маданий жайыттарда өсүп турган чөптөр аркылуу автомобиль, трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү – жеке жактарга 55 (5500сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

3. Первомайский айыл аймагы боюнча, жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу – жеке жактарга 75 (7500сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

4. Первомайский айыл аймагынын Жайыт комитети:

- Первомайский айыл аймагына караштуу Жайыттарга жана чөп чабындыларга мыйзамсыз мал жайууну алдын алууга кыдырма кароолчу дайындасын.

- бул токтомду башка аймактын жайыт колдонуучулары арасында, алдын ала түшүндүрүү менен, кеӊири жайылтуу иштерин алып барсын

5. Кыдырма кароолчу

- фото жана кино тартуу, видеожазма функцияларын аткарып, Кодекстин негизинде Первомайский айыл өкмөтүнүн Укук бузуулар комиссиясына күбө катары, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана жаза чараларды көрүүгө кайрылсын.

6. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн Укук бузуулар комиссиясы Кодекстин беренелерине ылайык протокол түзүү менен айып пул салуу иштерин алып барсын.

7. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Первомайский айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрайым

 

З.М. Кочкорова