Загрузка документа…
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
29-май 2023ж. № 4/23
Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун сынагына катышуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сартпаевдин Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун сынагына «Панфилов айылындагы суу мунарасына тосмо куруу» долбоору алкагында катышуу жана жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражат бөлүү жѳнүндѳ маалыматын угуп жана талкуулап Первомайский айылдык кеңештин 28-чакырылышы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун сынагына «Панфилов айылындагы суу мунарасына тосмо куруу» долбоору 685 567миң сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого 10,0мин сом ѳлчѳмүндѳ каражат бѳлүү бекитилсин;
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев долбоорду ишке ашырууда кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржыласын.
3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Борончу уулу Н. жүктөлсүн.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |