Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/9
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,төкмө акын Ысак Барпиевдин атын Кербен шаарындагы «Алтын Казык» кино театрына коюуга сунуштоо жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 7-февраль 2025-жылдагы №01-3/43 сандагы сунушуна,айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 7-февралдагы отурумунун корутундусуна таянып жана айыл аймагындагы ардагерлер Кеңешинин 2025-жылдын 9-февралындагы кайрылуусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элине таанымал төкмө акын Ысак Барпиевдин кыргыз маданиятына жана искусствосуна сиңирген көп жылдык эмгегин эске алып,Кербен шаарындагы «Алтын Казык» кино театрына атын коюу жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2.Ушул сунушту мыйзам чегинде колдоп берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрация бачысы-аким Сыдыков Замирбек Бейшеновичтен суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |