Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/10
«Коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында Сары-Челек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылына аймактык милиция бөлүмүнүн «таяныч бөлүмчөсүн» куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 12-февраль 2025-жылдагы №01-3/50 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-февралындагы корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында Сары-Челек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылына аймактык милиция бөлүмүнүн «таяныч бөлүмчөсүн» куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Аймактык милиция бөлүмүнүн «таяныч бөлүмчөсүн» куруу үчүн тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү жагы Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |