Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/11
«Сары-Челек айыл аймагындагы аткарылган жумуштардын сапатын көзөмөлдөө үчүн бириккен мониторинг жүргүзүү (Б.М.Ж.) тобун түзүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-февралындагы 01-3/43 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 11-февралындагы корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагындагы аткарылган жумуштардын сапатын көзөмөлдөө үчүн төмөндөгүдөй курамда бириккен мониторинг жүргүзүү (Б.М.Ж.) тобу бекитилсин.
Жумабеков Апсалам – Ардагерлер Кеңешинин төрагасы,топтун башчысы.
Карчыгаев Абдылда – Аксакалдар сотунун төрагасы.
Сапар уулу Ормон – Жаштар комитетинин төрагасы.
Көчкөнбаев Мирбек – Айыл өкмөтүнүн юристи.
Темирбеков Кангелди – депутат.
Төрөбеков Болотбай – депутат.
Шайдиев Алмазбек – депутат.
2.Токтомдун аткарылышын көзомөлгө алуу жагы «Укук,мыйзам жана этика»маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов |