Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/12
«Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим айылынын жашоочусуТургуналиев Өмүрбектин Ак-Дөбө участкасындагы 3030510010429 кодунда жайгашкан менчик участкасын муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 24-декабрындагы №298 сандагы кайрылуусуна жана айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-февралындагы отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим айылынын жашоочусу Тургуналиев Өмүрбек Ак-Дөбө участкасындагы 3030510010429 кодунда жайгашкан менчик участкасын өз макулдугу менен элге мечит салууга өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу, муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Муниципалдык менчикке өткөрүп алууда мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |