Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/13
«Жылгын айылындагы көчөгө Карабеков Курбандын атын коюу жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-февралындагы №01-3/43 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 11-февралындагы корутундусуна негиз, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагына караштуу Жылгын айылындагы Алтыгана колоттон баштап,Артыкбаев Бекташ атындагы көчөгө чейинки көчөгө эмгектин ардагери Карабеков Курбандын аты берилсин.
2.Сары-Челек айыл өкмөтү өздөрүнүн иш кагаздарын жана базасын ушул токтомго ылайык жүргүзүү жагы Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |