Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/15
«Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалануу боюнча 2025-жыл үчүн төлөм акыларды бекитип берүү жөнүнд»
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-февралындагы № 1-3/44 сандагы кайрылууусуна жана айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология», «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-февралындагы кошмо отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынан 2025-жыл аралыгында 1 баш чоң кара мал үчүн 120,00 сом, 1 баш жаш бодо мал үчүн 84,00 сом,кой-эчкиге 24-сом, жылкыга 200 сом, эшекке 120,00 сомдон төлөм акылары бекитилсин.
2.Алыскы ГЗЗ га чыккан малдар үчүн,1 баш чоң бодо малга 60,00 сомдон,1 баш жаш бодо малга 60,00 сом, 1 баш кой-эчкиге 12,00 сом,1 баш жылкы үчүн 100 сом, 1 баш эшек үчүн 60,00 сом төлөм акылары бекитилсин.
3.Жайыттын төлөм акыларын топтоодо көрсөтүлгөн өлчөмдүн чегинде, мыйзамдуу иш жүргүзүүнү көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |