Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 6-ноябры № 253
Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
231-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "товарларды" деген сөз "товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) эскертүүдө "товарлардын", "товарларды" жана "товарлар" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "товарлардын, анын ичинде электрондук соода товарларынын", "товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын" жана "товарлар, анын ичинде электрондук соода товарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 360-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"360-берене. Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу жана (же) тескөө тартибин бузуу
Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы мыйзамдарында каралгандан, анын ичинде аларга байланыштуу мындай жеңилдиктер берилгенден башка максаттарда пайдалануу жана (же) тескөө -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 372-берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө жана сан түрлөрүндөгү "товар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "товар, анын ичинде электрондук соода товары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, № 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 11-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Товарлардын айрым категориялары бажы чек арасы аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өткөрмө пункттарында гана өткөрүлүшү мүмкүн.";
3) 14-беренеде "37-43-главаларында" деген сөздөр "37 - 43-1-главаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Товарлардын бажы контролунда турушу
1. Кодекстин 14-беренесинде белгиленген учурларда товарлар бажы контролунда турат деп эсептелет.
2. Бажы органы тарабынан Кодекстин 14-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды, ошондой эле Кодекстин 14-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн, Кодекстин 210 жана 218-беренелерине ылайык Бирликтин товарлары деп таанылбаган товарларды авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жок кылуу жана (же) кайтарымсыз жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарымсыз жоготуу фактысын таануу, Комиссия тарабынан аныкталуучу учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
5) 32-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) товарлар Кодекстин 37 жана 43-1-главаларына ылайык (жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлсө;";
6) 40-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) электрондук соода товарларына карата бажы алымы.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата электрондук соода товарларына карата бажы алымы жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында бул каралган учурда - салыктар төлөнүүгө тийиш.
Электрондук соода товарларына карата бажы алымы Кодекстин 43-1-главасына ылайык төлөнүүгө тийиш.";
7) 41-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бажы жыйымдары болуп төмөнкүлөр үчүн алынуучу төлөмдөр саналат:
1) товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жүргүзүү;
2) транспорттук каражаттарды бажылык коштоо;
3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу;
4) алдын ала чечимди кабыл алуу.";
8) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-берене. Бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн жыйым
1. Кодекстин 341 жана 343-беренелеринде белгиленген учурларда бажы органдары бажылык коштоону, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууга укуктуу.
2. Товарларды ташып бараткан ар бир транспорттук каражатты, ошондой эле товар болуп эсептелген транспорттук каражатты бажылык коштоо үчүн, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн аралыктын ар бир километрине эсептик көрсөткүчтүн 1/10 (ондон бир) өлчөмүндө бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар алынат.";
9) 44-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Электрондук соода товарларына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бажы органдарынын товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүсү үчүн жыйымдардын белгиленген өлчөмдөрү аныкталат.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бажылык коштоо үчүн, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн бажы жыйымдары бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу иш жүзүндө жүзөгө ашырылып баштаганга чейин да, багытталган бажы органында бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу аяктагандан кийин да төлөнүшү мүмкүн.";
10) 59-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганда мындай бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын кошпогондо, бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы органы тарабынан ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүнүн арызы боюнча берилет.";
11) 84-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 95-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде чет өлкөлүк товарларды убактылуу сактоо ташып келинген жерде жайгашпаган убактылуу сактоочу жайда жүргүзүлө турган болсо, чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин ташуу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык же болбосо бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырбастан ташуу учурлары жана тартиби, ошондой эле документтин формасы жана аны толтуруу тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
13) 98-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) электрондук соода товарларына декларация.";
14) 103-берененин 2-бөлүгүндө "декларантка же бажылык өкүлгө" деген сөздөр "декларантка, бажы өкүлүнө же электрондук соода операторуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 106-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"106-берене. Укук бузуу же кылмыш аныкталган учурда товарларды чыгаруунун өзгөчөлүктөрү
Укук бузуу же кылмыш аныкталган учурда укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин же кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш аяктаганга чейин товарларды чыгаруу укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн же кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүштүн жүрүшүндө мындай товарлар алып коюлбаган же аларга камак салынбаган шартта бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.";
16) 110-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 111-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ушул главанын жоболору электрондук соода товарларына карата колдонулбайт.
Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү Кодекстин 43-1-главасында аныкталат.";
18) төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-глава менен толукталсын:
"17-1-глава. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
112-1-бepeнe. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө жалпы жоболор
1. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагына ташып келүүнүн, алардын Бирликтин бажы аймагында туруу жана пайдалануу, электрондук соода товарларын убактылуу сактоо, бажылык декларациялоо жана чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү, электрондук соода товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жоболорун колдонуунун, ошондой эле Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу мындай товарларга жана электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кодекстин 43-1-главасында жана ушул главада аныкталат.
Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгаруунун тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү, анын ичинде Бирликтин бажы аймагынан товарларды ташып чыгарууга жол берген бажы жол-жоболоруна аларды жайгаштыруу шарттарынын өзгөчөлүктөрү жана мындай бажы жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрү, Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү жана мындай товарларга карата бажы төлөмдөрүн Кодекстин 309-8-беренесинин 5-пунктун эске алуу менен колдонуунун өзгөчөлүктөрү Комиссия тарабынан аныкталышы мүмкүн.
2. Бирликтин бажы аймагына ташып келинген, аларга карата бажы операциялары Кодекстин 43-1-главасында жана ушул главада белгиленген электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен жүргүзүлгөн товарлар алар чыгарылгандан кийин коммерциялык иште колдонулбашы керек.
Аталган товарларды коммерциялык иште пайдалануу фактылары аныкталган учурда Интернет тармагынын ресурстарын пайдалануу менен электрондук соода аянтчаларында бүтүмдүн тарабы болуп саналган жана мындай товарларды коммерциялык иште пайдаланган жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
112-2-берене. Электрондук соода товарларына карата жүргүзүлүүчү бажы операциялары
Бажы декларациясын берүү менен байланышкан бажы операциялары, декларант тарабынан, анын ичинде бажы органдары тарабынан бажы контролун жүргүзүүдө жасалуучу, Кодексте каралган башка бажы операциялары Кодекстин 309-2-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
112-3-берене. Электрондук соода товарларын убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү
1. Электрондук соода товарларын убактылуу сактоо Кодекстин 16-главасына ылайык Кодекстин З09-3-беренесинде жана ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
2. Кодекстин 101-беренесинде каралган электрондук соода товарларын убактылуу сактоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажылык декларациялоо жана башка бажы операциялары Кодекстин 309-4-беренесинин 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн жак тарабынан жүргүзүлбөсө, мындай электрондук соода товарлары бажы органынын уруксаты менен бажылык декларациялоосуз жана бажы жол-жоболоруна жайгаштырылбастан Бирликтин бажы аймагынан электрондук соода оператору тарабынан ташылып чыгышы же болбосо мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна же жок кылуунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылышы мүмкүн.
Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарууга бажы органынын уруксатын алуу жана тариздөө менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн, Бирликтин бажы аймагынан ташылып чыгуучу электрондук соода товарларын ташуу (транспорттоо) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу учурларда жана тартипте ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн Бирликтин бажы аймагынан ташылып чыгуучу электрондук соода товарларын ташуу (транспорттоо) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүзөгө ашырылат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн электрондук соода товарларына карата бажы транзитинин бажы жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү Комиссия тарабынан аныкталышы мүмкүн.
112-4-берене. Электрондук соода товарларын бажылык декларациялоо
1. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын декларанттары катары 16 жаш курагына толгон, мындай товарларды алуучулар болуп саналган жеке жактар чыга алат.
Кодекстин 309-5-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын декларанты болуп электрондук соода оператору чыгат.
2. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-3-пунктчаларына жана 5-пунктуна ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушунун аяктоосу үчүн бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылуучу, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларынын декларанты болуп электрондук соода оператору чыгат.
3. Электрондук соода товарларын бажылык декларациялоо Кодекстин 309-4-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
112-5-берене. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын чыгаруу
1. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын чыгаруу бажы органы тарабынан төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
1) Кодекстин 43-1-главасына ылайык электрондук соода товарларына карата бажы алымы төлөнсө;
2) Кодекстин 7-беренесине ылайык тыюу салуулар жана чектөөлөр сакталса;
3) салык мыйзамдарында белгиленген салыктар төлөнсө;
4) бажы органдары товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы жыйымдары төлөнсө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук соода товарларын чыгаруу Кодекстин 119-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө аяктоого тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук соода товарлары алар чыгарылган учурдан тартып Бирликтин товарларынын статусуна ээ болот.
112-6-берене. Жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
1. Бажы кампасынын бажы жол-жобосу Кодекстин 23-главасында белгиленген тартипте жана шарттарда, Кодекстин 309-6-беренесинде жана ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата колдонулат.
2. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын курулмалардан (орун-жайлардан, аянтчалардан) мындай товарларды алуучу болуп саналган жеке жакка жеткирүү үчүн Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганга чейин ташып чыгарууга - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бажы органына кабарлангандан кийин жол берилет.
3. Электрондук соода товарларын электрондук соода аянтчаларында сатууда сатып алгандан кийин аларды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү каралган учурда, электрондук соода оператору мындай товарларды Комиссия тарабынан аныкталуучу тартипте аларды идентификациялоо шартында Кодекстин 309-6-беренесинин 13-пунктунда белгиленген электрондук соода товарларына декларация берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Комиссия тарабынан каралган учурларда, ошондой эле Комиссия тарабынан жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн товарларды идентификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кайтарылган электрондук соода товарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте товарлардын кайтарылгандыгын ырастаган документтердин формасы таризделген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде курулмаларга (орун-жайларга, аянтчаларга) жайгаштырылууга тийиш.
Электрондук соода оператору бажы органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электрондук соода товарлары кайтарылгандыгын ырастаган документтер таризделген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде, бирок Кодекстин 309-6-беренесинин 13-пунктунда белгиленген электрондук соода товарларына декларацияны берүү мөөнөтү аяктаган күндөн кечиктирбестен электрондук соода товарлары кайтарылгандыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
112-7-берене. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушунун аяктоосу үчүн ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу (жайгаштырылган), жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата ташып келүү бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу, аларды төлөө жана эсептөө мөөнөтү
Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушунун аяктоосу үчүн ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу (жайгаштырылган), жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата ташып келүү бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушунун жана токтотулушунун өзгөчөлүктөрү, аларды төлөө мөөнөтү жана эсептөө Кодекстин 309-7-беренесинде аныкталат.
112-8-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуу жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
1. Электрондук соода товарларына карата бажы алымы салынуучу объект болуп жеке жактар сатып алган электрондук соода товарлары саналат.
2. Электрондук соода товарларына карата бажы алымын эсептөө максаттары үчүн Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын категорияларына жана колдонулуучу ставкалардын түрлөрүнө жараша аны эсептөө үчүн база болуп мындай товарлардын наркы жана (же) алардын натуралай түрдөгү физикалык мүнөздөмөсү (товардан аны керектөөгө чейин ажырагыс болгон жана (же) товар чекене сатуу үчүн берилген товардын баштапкы таңгагын эске алуу менен товардын саны, салмагы, товардын көлөмү же башка мүнөздөмөлөрү) эсептелет.
Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы Кодекстин 309-10-беренесине ылайык аныкталат.
3. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуунун жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун өзгөчөлүктөрү Кодекстин 309-8-беренесинде белгиленет.
4. Комиссия тарабынан нарктык, салмактык жана (же) сандык ченемдер аныкталышы мүмкүн, алардын чегинде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарлары Бирликтин бажы аймагына электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөбөстөн, ал эми Комиссия аныктаган учурларда - Комиссия тарабынан аныкталган ченемге караганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү кыйла катуу ченемдердин чегинде ташып келинет.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан башкача белгиленбесе, Бирликтин бажы аймагынан мындай товарларды алуучу болуп саналган чет өлкөлүк жеке жактардын дарегине ташып чыгарылуучу электрондук соода товарлары Бирликтин бажы аймагынан бажы алымдарын төлөбөстөн ташып чыгарылат.
6. Электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөө боюнча милдет төлөөчү тарабынан жана ушул Мыйзамдын 54-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан аткарылат.
7. Бажы органы Кодекстин 309-8-беренесинин 20-пунктунда көрсөтүлгөн билдирүүнү Кодекстин 309-8-беренесинин 21-пунктунда белгиленген учурларда жибербейт.
112-9-берене. Электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аны төлөө мөөнөтү
Электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аны төлөө мөөнөтү Кодекстин 309-9-беренесинде аныкталат.
112-10-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы
1. Жеке жактар сатып алган ташып келинүүчү электрондук соода товарларынын бажы наркын аныктоо Кодекстин 309-10-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы чектерде, эсептерде, банктык төлөм документтеринде жана мындай товарларды сатып алуу менен байланышкан башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде, ал эми электрондук соода оператору бажы операцияларын жүргүзгөн учурда - электрондук соода оператору тарабынан электрондук соода аянтчасынан алынган, мындай товарларды сатып алуу менен байланышкан маалыматтардын (мындай маалымат бар болсо) негизинде да аныкталат.
3. Бажы органы бажы контролунун жыйынтыктары боюнча Кодекстин 309-10-беренесинин 4-пунктунда белгиленген учурларда ушул сыяктуу товарларга баа жөнүндө анын карамагында болгон маалыматтын негизинде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркын аныктайт.
4. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы жөнүндө маалымат катары бажы органы ушул сыяктуу товарларды чекене сатууну жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмдардын каталогдорунда жана сайттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды да пайдалана алат.
5. Бажылык декларациялоону жүзөгө ашыруучу жак электрондук соода товарларына декларацияда билдирилген, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы жөнүндө маалыматтардын аныктыгын далилдөөгө укуктуу.";
19) 125-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы контролунун зоналары болуп товарлар бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жерлер, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын аймактары, алымсыз соода дүкөндөрүнүн, Кодекстин 429-2-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн электрондук соода операторунун курулмаларынын, орун-жайларынын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчаларынын (ачык аянтчалардын бөлүктөрүнүн) аймактары жана бажы органы аныктаган башка жерлер эсептелет.";
20) 139-берененин 3-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "электрондук пломбаларды" деген сөздөр "навигациялык (электрондук) пломбаларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, навигациялык (электрондук) пломбалар түрүндөгү идентификациялоо каражаттарын бажы органдары тарабынан колдонуу тартиби, ошондой эле мындай навигациялык (электрондук) пломбаларды коюу үчүн төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
21) 145-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "4 жана 5-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "3-5-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 193-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген башка учурларда.";
23) 196-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "жана алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээси" деген сөздөр ", алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээси жана электрондук соода операторлору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк "алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине" деген сөздөрдөн кийин ", электрондук соода операторлорунун реестрине" деген сөздөр менен толукталсын;
24) 197-берененин 1-бөлүгүндө "227 жана 232-беренелеринде" деген сөздөр "227, 232 жана 234-2-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 198-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) электрондук соода оператору катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) электрондук соода товарларын убактылуу сактоо жана (же) бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган электрондук соода товарларын сактоо үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген, анын ичинде эл аралык почта алмашуу жерлеринде (мекемелеринде) жайгашкан курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын (ачык аянтчалардын бөлүктөрүнүн) менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты (мындан ары - курулмалар (орун-жайлар, аянтчалар). Эгерде курулмалар (орун-жайлар, аянтчалар) бажы органы электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну каттаган күнгө карата ижарада турса, мындай курулмаларга (орун-жайларга, аянтчаларга) карата ижара келишими 1 (бир) жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
б) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;
в) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата юридикалык жакка карата банкроттук жол-жобосун козгоо фактыларынын жоктугу тууралуу маалыматты;
г) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө чейин бир жылдын ичинде юридикалык жакты бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугу тууралуу маалыматты;
д) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүгө талапкер болгон юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон, ушул юридикалык жактын акционерлери болуп саналган жеке жактарды, анын уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугу тууралуу маалыматты;
е) электрондук соода товарлары, мындай товарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жана мындай товарларды сатып алган жеке жактар жөнүндө электрондук документтерди жана маалыматтарды жөнөтүү максатында бажы органдарынын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системанын бар экендиги жөнүндө маалыматты;
ж) электрондук соода операторунун өкүл болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жарандык жоопкерчилик тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган камсыздандыруу суммасына камсыздандыруу келишими бар экендиги жөнүндө маалыматты;
з) штатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документи бар кеминде эки кызматкердин бар экендиги жөнүндө маалыматты;
и) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты.";
26) 199-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) электрондук соода оператору катары ишти жүзөгө ашырууда:
а) курулмалардын (орун-жайлардын, аянтчалардын) менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;
б) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуунун киргизилишин ырастоочу документтер;
в) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата юридикалык жакка карата банкроттук жол-жобосун козгоо фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
г) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө чейин бир жылдын ичинде юридикалык жакты бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
д) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүгө талапкер болгон юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон, ушул юридикалык жактын акционерлери болуп саналган жеке жактарды анын уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугун ырастоочу документтер;
е) электрондук соода товарлары, мындай товарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жана мындай товарларды сатып алган жеке жактар жөнүндө электрондук документтерди жана маалыматтарды жөнөтүү максатында бажы органдарынын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системанын бар экенин ырастоочу документтер;
ж) электрондук соода операторунун өкүл болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же ушул жактар менен келишимди бузуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жарандык жоопкерчилик тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган камсыздандыруу суммасына камсыздандыруу келишими;
з) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документи бар кызматкерлер менен эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу документ;
и) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талапкер болгон юридикалык жактын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга ылайык келишин ырастоочу документтер;
к) бажы органдарынын талабы боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген форма боюнча берүү жөнүндө милдеттенме;
л) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер.";
27) 200-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароонун мөөнөтүн кошуп алганда, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып отуз жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартат:
1) эгерде ушул главада каралган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;
2) арыз ээси ушул Мыйзамдын 207, 212, 217, 222, 227, 232 жана 234-2-беренелеринде каралган шарттарды сактабаса.";
28) 201-берененин 4-бөлүгүндө "228 жана 233-беренелеринде" деген сөздөр "228, 233 жана 234-3-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) төмөнкүдөй мазмундагы 42-1-глава менен толукталсын:
"42-1-глава. Электрондук соода оператору
234-1-берене. Электрондук соода операторунун иши
1. Электрондук соода оператору Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүргүзөт.
Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы операциялары мындай товарлардын декларанттарынын атынан электрондук соода оператору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Электрондук соода операторлорунун бажы операцияларын түздөн-түз жүргүзүүчү кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар жана мындай жактарга алардын мындай квалификациялык талаптарга ылайык келишин ырастоочу документти берүү шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
234-2-берене. Электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү шарттары
1. Электрондук соода оператору катары ишти жүзөгө ашырууга талапкер болгон юридикалык жакты электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулмалардын (орун-жайлардын, аянтчалардын) менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар (орун-жайлар, аянтчалар) бажы органы электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну каттаган күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга (орун-жайларга, аянтчаларга) карата ижара келишими бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
2) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин Комиссия тарабынан аныкталган өлчөмдө аткарылышын камсыз кылуу;
3) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата төмөнкүлөрдүн жоктугу:
- бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттер;
- юридикалык жакка карата банкроттук жол-жобосу козголгон фактылар;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө чейин бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу фактылары;
- электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүгө талапкер болгон юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон ошол юридикалык жактын акционерлери болуп саналган жеке жактарды, анын уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу фактылары;
4) электрондук соода товарлары, мындай товарлар менен жасалган операциялар жана мындай товарларды сатып алган жеке жактар жөнүндө электрондук документтерди жана маалыматтарды жөнөтүү максатында бажы органдарынын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системанын болушу;
5) электрондук соода операторунун өкүл болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жарандык жоопкерчилик тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу камсыздандыруу суммасына камсыздандыруу келишиминин болушу;
6) штатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документи бар кеминде эки кызматкердин болушу;
7) бажы органдарынын талабы боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген формада берүү жөнүндө милдеттенме;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү башка шарттар.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуунун Комиссия белгилеген өлчөмдөн ашкан өлчөмүн, анын ичинде электрондук соода операторунун өз ишинин чөйрөсүн жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына же жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүргүзүү аркылуу чектөөсүн эске алуу менен белгилениши мүмкүн.
234-3-берене. Электрондук соода операторлорунун реестринен чыгаруу үчүн негиздер
Электрондук соода операторлорунун реестринен электрондук соода операторун чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кодекстин 429-3-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында аныкталган негиздер;
2) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизилген юридикалык жакты кайра уюштуруу;
3) юридикалык жакты бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу;
4) юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон, ошол юридикалык жактын акционерлери, анын уюштуруучулары (катышуучулары), жетекчилери, башкы бухгалтерлери болуп саналган жактарды бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка негиздер.
234-4-берене. Электрондук соода операторунун укуктары
Электрондук соода оператору ишти жүзөгө ашырууда Кодекстин 429-4-беренесинде аныкталган укуктарга ээ.
234-5-берене. Электрондук соода операторунун милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Электрондук соода оператору Кодекстин 429-5-беренесинде аныкталган милдеттерди алат.
2. Эгерде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажылык декларациялоону жана башка бажы операцияларын электрондук соода оператору жүзөгө ашырса, анда ал Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн төлөө декларанттын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн учурда декларант Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасабайт.
3. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган бажы операциялары жүргүзүлгөн учурда электрондук соода оператору Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4 жана 6-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө электрондук соода товарларын сатып алган жеке жактын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.
4. 429-5-берененин 3 жана 4-пункттарында каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн, электрондук соода товарларына декларацияда анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жараксыз, анын ичинде жасалма жана (же) билип туруп анык эмес (жалган) маалыматтарды камтыган документтерди бергендиги үчүн электрондук соода оператору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
30) 248-берененин 1-бөлүгүндө "товарларга карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөр "товарларга карата декларация, электрондук соода товарларына карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |