Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 3-ноябры № 249
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын
Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 3711-берене менен толукталсын:
"3711-берене. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга мобилдик жана башка байланыш каражаттарын берүү
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 446-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууну мурда жасаган адам тарабынан маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу мобилдик жана башка байланыш каражаттарын жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга кандай болбосун ыкма менен берүү же болбосо берүүгө аракет кылуу -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө айып салууга же болбосо элүү сааттан эки жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "4132 жана 4133-беренелеринде" деген сөздөр "4132, 4133 жана 446-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 446-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"446-берене. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга тыюу салынган предметтерди берүү
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адам тарабынан аларды сатып алууга, сактоого же пайдаланууга мыйзамда тыюу салынган предметтерди, заттарды же тамак-аш азыктарын аталган адамга кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу -
тыюу салынган предметтерди, заттарды же тамак-аш азыктарын убактылуу алып коюу менен жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга мобилдик жана маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу башка байланыш каражаттарын кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу, эгерде бул аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган жосундардын белгилерин камтыбаса -
укук бузуу предметин убактылуу алып коюу менен жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 25-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |