Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №16/1
«Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына жана чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы тууралуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Коргон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасына жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Таштанбай уулу Манас |