Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 27-октябры ПЖ № 299
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Иш башкармасы | Президенттин Иш башкарма-сына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент | Президенттин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор | Президент-тин Архиви |
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Архивдин башчысы |
Б-Б
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысы
|
| Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы
|
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун башчысы
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары Сектордун башчысы |
| Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Референт Башкы адис |
| Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
| Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
|
|
”.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Төмөнкүдөй штаттык сандын чеги белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын борбордук аппараты 143 бирдик санында;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 4531 бирдик санында.”;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Иш башкармасы калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Иш башкармасы автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди даярдоо жана цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди, ошондой эле автотранспорт каражаттарына ысымдуу номердик белгилерди сатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.”.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен биргеликте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 27-октябры ПЖ № 299
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Иш башкармасы | Президенттин Иш башкарма-сына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент | Президенттин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор | Президент-тин Архиви |
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Архивдин башчысы |
Б-Б
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысы
|
| Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы
|
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун башчысы
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары Сектордун башчысы |
| Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Референт Башкы адис |
| Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
| Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
|
|
”.
2. (КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)