Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-октябры № 2025-П-14/57-2-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Соода-тейлөө ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде QR-код аркылуу төлөөнү өнүктүрүү жана масштабын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) "Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 24-майындагы № 2023-П-14/34-3-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) "Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Санариптик финансылык технологиялар башкармалыгын, Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Санариптик финансылык технологиялар башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактардын бирикмесин, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, "KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Санариптик финансылык технологиялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 2025-П-14/57-2-(ПС) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) "Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) "Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелери:
- төмөнкү мазмундагы 39-2-пункт менен толукталсын:
"39-2. Төлөм системаларынын катышуучулары ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5инен (бешинен) кечиктирбестен, Улуттук банкка товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү QR-кодду колдонуу менен кабыл алган субъекттер боюнча, жана региондор боюнча орнотулган QR-коддордун саны жөнүндө отчетторду ушул Эрежелердин 5 жана 6-тиркемелерине ылайык электрондук түрдө берүүгө тийиш.";
- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 5 жана 6-тиркемелер менен толукталсын:
|
| "Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерине карата 5-тиркеме |
Товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү QR-кодду колдонуу менен кабыл алган субъекттер жөнүндө ОТЧЁТ
№ | QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ субъекттин фирмалык аталышы (соода-тейлөө ишканалары, уюмдар ж.б.) | Соода түйүнүнүн/тейлөө объектисинин аталышы (фирмалык аталышынан айырмаланса) | Субъекттин жайгашкан жери | QR-коддун түрү | QR-коддун орнотулган күнү | |||||
Субъекттин түрү | Областы | Району | Айыл аймагы | Шаар, шаар тибиндеги кыштак, айыл | Көчөсү | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
| QR код орнотулган субъекттин фирмалык аталышы көрсөтүлөт | Фирмалык аталышынан айырмаланса, соода түйүнүнүн/тейлөө объектисинин аталышы көрсөтүлөт | Субъекттин уюштуруу-укуктук формасы көрсөтүлөт | Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт | Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт | Кыргыз Республикасынын областынын районунун айылдык аймагынын аталышы көрсөтүлөт | Шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактардын, айылдардын аталышы көрсөтүлөт | Көчөнүн аталышы көрсөтүлөт | QR-коддун түрү (статикалык, динамикалык) жана ар бир түрү боюнча саны көрсөтүлөт | Соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн QR-код орнотулган иш жүзүндөгү датасы көрсөтүлөт |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: |
|
| ||||||||
Аткаруучу | ___________________________________________________________________ |
|
| Маалыматтарды даярдоого жооптуу кызматкердин аты-жөнүн, кызмат ордун, бөлүмүн/башкармалыгын, кол тамгасын көрсөтүү |
|
|
|
|
Башкармалыктын начальниги | ___________________________________________________________________ |
|
| Маалыматтарды даярдоого жооптуу башкармалыктын начальнигинин аты-жөнүн, кол тамгасын көрсөтүү |
|
|
|
|
|
| Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерине карата 6-тиркеме |
Төлөм системаларынын катышуучусунун аталышы _______________________
_________ айы үчүн 20___-жыл
Региондор боюнча орнотулган QR-коддордун саны жөнүндө ОТЧЕТ
Областтын аталышы | Орнотулган QR-коддордун саны | Алардын ичинен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде | Алардын ичинен соода-тейлөө ишканаларында |
Бишкек |
|
|
|
Чүй областы |
|
|
|
Ысык-Көл областы |
|
|
|
Талас областы |
|
|
|
Нарын областы |
|
|
|
Жалал-Абад областы |
|
|
|
Ош областы |
|
|
|
Баткен областы |
|
|
|
Аткаруучу | ___________________________________________________________________ |
|
| Маалыматтарды даярдоого жооптуу кызматкердин аты-жөнүн, кызмат ордун, бөлүмүн/башкармалыгын, кол тамгасын көрсөтүү |
|
|
|
|
Башкармалыктын начальниги | ___________________________________________________________________ |
|
| Маалыматтарды даярдоого жооптуу башкармалыктын начальнигинин аты-жөнүн, кол тамгасын көрсөтүү |
|