Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 29-октябры № 245
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 16-январы, № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-беренеде:
а) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) ушул Мыйзамга, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге, ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча санитардык талаптарга (мындан ары - минималдуу санитардык талаптар) ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүнүн алдын алууга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына таасир этүү системасын аныктоо;";
б) 13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 8-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:
"21) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекитүү;
22) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте минималдуу санитардык талаптарды бекитүү;";
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын аткарылышына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (контролдоо);";
3) 10-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3) адам өмүрүнө, жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын келип чыгуусуна жана таркап кетүүсүнө коркунуч жаралганда техникалык регламенттерди, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды бузуулар четтетилгенге чейин объекттин же анын бөлүгүнүн ишин токтото туруу;";
б) 5-бөлүктө "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын" деген сөздөр "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүктө:
- 6-пунктта "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр "санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта "коомдун саламаттыгын сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөр "техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пунктта "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр "санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пунктта "санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды" деген сөздөр "коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 13-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ушул Мыйзамдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды аткарууга;";
5) 17-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "санитардык ченемдердин жана эрежелердин" деген сөздөр "санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 34-берененин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунда "санитардык эрежелердин" деген сөздөр "санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 38-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында алдын ала эмдөөлөр ушул берененин 5-бөлүгүндө аныкталган тартипте Алдын ала эмдөө календарынын алкагында жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.";
8) 55-беренеде:
а) 1-пунктта "санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуу) иш-чаралардын" деген сөздөр "санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды бузууларга бөгөт коюу чаралары, бузуу фактылары жөнүндө жазма буйруктарды берүү жана токтом чыгаруу, ошондой эле аларды жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу;";
9) 56-беренеде "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 57-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 58-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"58-берене. Ичүүчү суунун жана суу объекттеринин коопсуздугу
1. Ичүүчү суу коопсуз болууга жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
2. Суу объекттери эпидемиологиялык, радиациялык жана физикалык-химиялык жагынан коопсуз болууга жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.";
12) 60-берененин 1-бөлүгүндө жана 61-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 62-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62-берене. Өндүрүштүк, коомдук, турак жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту эксплуатациялоо коопсуздугу
Өндүрүштүк, коомдук, турак жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту эксплуатациялоодо техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык адам үчүн коопсуз эмгек, тиричилик жана эс алуу шарттары камсыз кылынууга тийиш.";
14) 63-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Өндүрүштүк жайлардын санитардык-техникалык жана гигиеналык абалы, жумуш орундарын жабдуу, эмгек процессин уюштуруу адамдын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизбөөгө жана эмгек мыйзамдарына, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге, минималдуу санитардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.";
15) 64-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдары балдардын болуусу, окуусу үчүн коопсуз шарттарды, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык алардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга тийиш.
Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуусу, окуусу үчүн коопсуз шарттар, ошондой эле минималдуу санитардык талаптарга ылайык алардын тамактануусун уюштуруу камсыз кылынууга тийиш.";
16) 68-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аймакты санитардык коргоо калктын саламаттыгы үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу оорулардын киришинин жана таркап кетүүсүнүн алдын алууга багытталат жана Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана шарттарда калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ЭМСЭге ылайык жүзөгө ашырылат.";
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 74-беренеде:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жеке, юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан техникалык регламенттердин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын сакталышын контролдоо;";
б) 12-пунктта "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр "техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрында № 84 (3740) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |