Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
2024-жылдын 9-августундагы №7
«Айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башка
түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169 токтомун жетекчиликке алып, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистеринин сунушун “Жер жана турак-жай” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун талкууланып Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылындагы Мамлекеттик менчикте турган
№3533 контурундагы 2,6га, №3543 контурундагы 0,2га, №2446 контурундагы 1,5га,
№3527 контурундагы 2,6га, №3592 контурундагы 0,3га, №1195 контурундагы 0,3га
баардыгы болуп 7,5га жайыт жерин мөмөлүү жемиш бак-дарак ээлеген аянт түзүү үчүн “
Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн мөмөлү бак- дарак түрүнө которууга маакулдук берилсин.
2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик
реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |