Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-8

 

2025-жылдын 4-апрелиндеги №6-4 “Ат-Башы айыл аймагындагы ээси жок

ирригациялык системаларды жана каналдарды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн жер, айыл чарбасы жана жайыт маселелери боюнча башкы адиси Р. Мүсүралиевдин берген сунушун угуп жана талкуулап,   Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    2025-жылдын 4-апрелиндеги №6-4 токтомунун темасындагы «Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» деген сөздөр «муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» деп өзгөртүлсүн;

 

2.    Токтомдун 1-пунктундагы «Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин» деген сөздөрдүн ордуна «муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин» деген сөздөр жазылсын;

 

3.    Токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй жаңы 20-пункча менен толукталсын: «20) Кайырма-1 каналы узундугу 3,11 км жана суу бөлүштүрүүчү курулмасы».

 

 

   

Тѳрага

У.  Мелис уулу