Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 10-1/286 буйругу менен бекитилген 1-тиркеме |
1 - глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо кыртыштын негизги азык элементтери менен камсыздалышын жана айыл чарба жерлеринин химиялык өнүгүү шарттарын изилдөө, кыртышты изилдөөлөрдүн натыйжаларын, кыртыштын күрдүүлүгүнүн абалына жана анын табигый түзүмүнө мониторинг жүргүзүүнү эске алуу менен кыртыштын сапатынын начарлап кетишинин алдын алуу, жер семирткичтерди туура колдонуу үчүн зарыл болгон агрохимиялык картограммаларды түзүү максатында иштелип чыккан жана кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жана жер участокторуна агрохимиялык паспортун берүү тартибин аныктайт.
Кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жер семирткичтеринин абалынын көрсөткүчтөрүн мамлекеттик эсепке алуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн алкагында жүргүзүлөт жана жер кыртышынын күрдүүлүгүн сактоону жана кайра өндүрүүнү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү зарыл иш-чара болуп саналат, жер семирткичтерди натыйжалуу пайдаланууда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө ар тараптуу агрохимиялык маалымат менен камсыз кылууга жардам берет.
2. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык айдоо жерлер, көп жылдык мөмө-жемиш бактары жана чабындылар кыртышты агрохимиялык изилдөө объектилери болуп саналат.
Кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жана жер участокторуна агрохимиялык паспортторду берүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы жүргүзөт (мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган).
2 - глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
4. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
агрохимиялык изилдөө - кыртыштагы өсүмдүктөргө керектүү болгон минералдык азык элементтеринин, гумустун курамын аныктоо;
агрохимиялык картограмма - кыртыштын өсүмдүктөр үчүн сиңимдүү азык элементтери менен камсыз болуу даражасын түстүү түрдө көрсөткөн карта;
жер участогунун агрохимиялык паспорту - кыртыштын агрохимиялык мүнөздөмөлөрүн камтыган документ;
кыртыштын геомаалыматтык системасы - маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо, моделдөө жана көрсөтүү, ошондой эле санариптик картографиялык, аналогдук жана тексттик маалыматты пайдалануу менен маалыматтык-эсептөө маселелерин чечүү үчүн арналган автоматташтырылган система;
жер участогу - мыйзамда белгиленген тартипте жер мамилелеринин субъекттерине бекитилип берилген, жабык чек араларда бөлүнгөн жердин бир бөлүгү;
жерге жайгаштыруу планы - жердин курамы жана аянты жөнүндө маалыматтарды камтыган, жерди пайдалануунун мейкиндик абалын жана өлчөмү жөнүндө визуалдык көрсөтүүнү камсыз кылуучу, жерди пайдалануу боюнча картографиялык документ;
изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн планы - административдик райондор жана айыл аймактары боюнча иштерди жүргүзүүнүн ырааттуулугу;
изилдөөнүн ырааттуулугу – агрохимиялык изилдөөлөрдүн турларынын ортосундагы убакыт аралыгы;
гумус – чиринди, органикалык, адатта кара түстөгү, өсүмдүк жана жаныбарлардын калдыктарынын биохимиялык өзгөрүүсүнүн натыйжасында пайда болгон кыртыштын бөлүгү;
айдоо жерлери - айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлгөн жерлер;
көп жылдык мөмө-жемиш бактары - мөмө-жемиш бактарынын, жүзүмзарлардын, техникалык жана башка көп жылдык бактар өстүрүлгөн жер аянттары;
чөп чабындылар - чөп чабуу үчүн системалуу пайдаланылуучу айыл чарба жерлери;
кыртыш - жандуу жана жансыз жаратылышка таандык бир катар касиеттерге ээ болгон, суунун, абанын жана организмдердин биргелешкен таасири астында литосферанын үстүнкү катмарларынын өзгөрүшүнүн натыйжасында пайда болгон генетикалык жактан байланышкан катмарлардан (топурак профилин түзөт) турган өзгөчө жаратылыш түзүлүшү;
кыртыштын асылдуулугу – бул кыртыштын өсүмдүктөргө сиңимдүү азыктарды жана нымдуулукту берип, түшүм алууну камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү.
5. Жер аянттарынын кыртышына агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторунун агрохимиялык паспортторун берүү иштери ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасында кыртышка агрохимиялык изилдөө боюнча методикалык көрсөтмөгө ылайык мурунку жүргүзүлгөн кыртыш изилдөөлөрүнүн бонитеттик баллын, кыртыштын түрлөрүнүн касиетине, асылдуулугуна таасир этүүчү жагдайларды эске алуу менен ишке ашырылат.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кыртышты агрохимиялык изилдөө жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча иштерди уюштуруу, пландаштыруу, сапатына жана келишимдик милдеттенмелердин сакталышына жоопкерчилик тартат.
6. Кыртышты агрохимиялык изилдөө иштери бир нече этапта жүргүзүлөт: даярдоо иштери, талаа иштери, лабораториялык жана аналитикалык изилдөөлөрдөн, камералдык иштер жана жыйынтыктарын тариздөө.
Даярдоо этабында картографиялык материалдар чогултулат (топографиялык карталар, жерге жайгаштыруу карталары, космостук сүрөттөр, аэрофотосүрөттөр), мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн документтери талданат, изилдөө жүргүзүлгөн аймактын жаратылыш- климаттык мүнөздөмөлөрү жана адабий маалымдама материалдары изилденет, талаа жана камералдык иштердин көлөмү такталат, иштин календарлык пландары жана лабораториялык анализдин алдын ала программасы түзүлөт.
Талаа жумуштары этабында жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кыртышты агрохимиялык изилдөөлөрүнүн башталышы жана алардын мимлдеттери жөнүндө маалымат берилет. Ошону менен бирге ишти уюштурууга жана ишке ашырууга байланышкан маселелер макулдашылат.
Талаа изилдөө 1:10000 жана 1:25000 масштабында жүргүзүлөт, мында жер участокторуна чек аралары жер участокторуна укук күбөлөндүрүүчү жана укукту белгилөөчү документтерге ылайык белгиленет. Үлгүлөр бир нече жер участокторунан алынат.
Лабораториялык-аналитикалык изилдөө этабында өсүмдүктөрдүн кыймылдуу азык элементтеринин курамы боюнча маалымат даярдалат, атап айтканда: оңой гидролизденүүчү азот, алмашуучу калий, кыймылдуу фосфор, гумус, ошондой эле чарба жүргүзүү шарттарын эске алуу менен кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана кайра калыбына келтирүү максатында химиялаштыруу каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуш берилет.
Камералдык иштер этабында талаа изилдөөлөрүнүн жана лабораториялык анализдердин акыркы текшерүүсү жүргүзүлөт, кыртыштын картограммасы түзүлөт жана сызылат, кыртыштын контурларынын аянттары жана айыл чарба жерлеринин өлчөмдөрү эсептелет.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнчажер пайдалануучуларга кыртыштын курамындагы азык элементтердинин оптималдуу болушун контролдоого, чарбада өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнөн пландуу жана сапаттуу түшүм алууга мүмкүндүк берүүчү жер семирткичтерди колдонуу боюнча сунуштарды көрсөтүү менен кыртыштын абалы жөнүндө жер участогуна агрохимиялык паспорт берилет.
7. Жерлердин абалына байкоо жүргүзүү жана кыртыштын деградациясына жол бербөө үчүн кыртышка агрохимиялык изилдөө жана жер участокторуна агрохимиялык паспортторду берүү төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт :
- айдоо жерлерге, көп жылдык жемиш бактарына – 5 жыл;
- чабындылар үчүн – 7 жыл;
- мамлекеттик сорт участоктору, үрөн чарбалары үчүн – 3 жыл.
- жер участокторунун менчик ээлеринин жана/же жерди пайдалануучулардын өтүнүчү боюнча жогорудагы көрсөтүлгөн мөөнөттөр сакталбастан жүргүзүлүшү мүмкүн.
8. Кыртыштын агрохимиялык изилдөөнүн натыйжалары айыл аймагынын, райондун, облустун агрохимиялык картограммасын түзүү, жердин эсебин сапаттуу жүргүзүү жана андан ары кыртыштын асылдуулугунун абалы жөнүндө маалымат банкын түзүү үчүн кыртыштын геомаалыматтык системасын түзүүгө негиз болуп саналат.
9. Менчигинин түрүнө карабастан, жерди пайдалануучулар, айыл чарба багытындагы жерлердин менчик ээлери изилденген жер участокторуна агрохимиялык паспортторду алуу үчүн, кыртышты агрохимиялык изилдөө боюнча ыйгарым укуктуу органга жер участокторуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана топурактын сапатынын начарлап кетишинин, кургап кетишинин жана тыгыздалышынын алдын алуу максатында, кыртыштын күрдүүлүгүн, анын химиялык жана биологиялык касиеттерин сактоо жана калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
10. Ыйгарым укуктуу орган:
- жер участогунун менчик ээсинин жана (же) жерди пайдалануучунун өтүнмөсү боюнча кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде жер участогунун агрохимиялык паспортун берет;
-керектөөчүлөрдү зарыл болгон баштапкы (базалык) материалдар менен камсыз кылат (кыртыштын картасы, кыртыштын бонитеттик баллы, ж.б.);
- маалыматтарды жалпылайт жана кыртыштын агрохимиялык анализинин натыйжалары боюнча сунуштарды берет;
- кыртыштын асылдуулугунун абалы жөнүндө маалымат банкын түзөт; кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жана жер участокторуна агрохимиялык паспортторду берүү боюнча иштерди жалпы координациялоону жүзөгө ашырат;
- кызыкдар тараптарга маалыматтык колдоо көрсөтөт.
11. Ыйгарым укуктуу орган зарыл болгон учурда Кыргыз аккредитациялоо борборунан тиешелүү аккредитациясы бар кыртыштык- агрохимиялык лабораторияларды тарта алат.
12. Менчигинин түрүнө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү ыкмаларына карабастан, жер участокторунун менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар, анын ичинде ижарачылар өздөрүнүн жер участокторунда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кыртышка агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- кыртыштын агрохимиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жер участогуна агрохимиялык паспорт алууга;
- ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнүн текшерилүүчү жер участокторуна тоскоолдуксуз киришин камсыз кылууга;
- талаа кыртыш изилдөөнү жүргүзүүгө катышууга;
- кыртыштын агрохимиялык изилдөөлөрүндө аныкталган кыртыштын асылдуулугуна таасирин тийгизүүчү терс факторлордун алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүүгө;
- ыйгарым укуктуу органга өзүнө таандык жер участогунун абалы (талаалардын тарыхы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмү, химиялаштыруу, түшүмдүүлүк ж.б.) жөнүндө болгон маалыматтарды берүүгө.
6 - глава. Талаштарды чечүүнүн жол-жобосу
13. Ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээси жана (же) жерди пайдалануучунун ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.