Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз 1-сессиясы
2024-жылынын 29-ноябры № 1/2
«Т.Балтагулов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги III “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын аткаруу жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 217 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрында “Н.Бекменбетов” атындагы орто мектебинин жыйындар залында өткөрүү белгиленсин.
2.Айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындарды жана делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топ курамы 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3.Т.Балтагулов айыл аймагынын өкүлчүлүктүн ченеми 200 делегат деп белгиленсин, анын ичинен;
-Ак-Коргон айылы-44 өкүл; Ак-Там айылы-29 өкүл;
-Баястан айылы-37өкүл; Жапа-Салды айылы-14 өкүл;
-Падек айылы-22 өкүл; Кызыл-Ата айылы-15 өкүл.
-Сафед-Булан айылы-38 өкүл;
4.Токтом alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
6.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
|
Т.Хамракулов |
| Т.Балтагулов айыл кеңешинин 29.11.2024-жыл №1/2токтомуна 1-тиркеме
|
Айыл аймагында кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун
КУРАМЫ
Т.Хамракулов- айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
А.Кадиров-айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.
Мүчөөлөрү:
№ | Аты жөнү | айылы | Кызмат орду |
1
| Буриев Ш Төрөбеков Ш
| Ак-Коргон | Кеңештин депутаты |
2
| Качкынбаев А Абдырахманова.Э | Ак-Там | Кеңештин депутаты |
3
| Пашахуджаев.И Курбанова.Г | Падек | Кеңештин депутаты |
4
| Насипов.А Исманова.Н | Сафед-Булан | Кеңештин депутаты |
5
| Артыкбаев.С Токтогулова.Э | Кызыл-Ата | Кеңештин депутаты |
6
| Мадрайымов.Ш Жумабаева.Н | Жапа-Салды | Кеңештин депутаты |
7
| Абдукахарова.А Эргашев.Х | Баястан | Кеңештин депутаты |