Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6-сессиясы
2024-жылынын 17-июлу № 6/6
«Аймактык-территориалдык реформанын негизинде жоюлган айылдык аймактар менен түзүлгөн ижара келишимдерин Т.Балтагулов айыл өкмөтү менен кайрадан түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасындагы аймактык-территориалдык реформанын негизинде,айылдык аймактарды ирилештирүүнүн натыйжасында, жоюлган мурдагы Ак-Там жана Ак-Коргон айылдык аймактары менен түзүлгөн ижара келишимдерин жаңы түзүлгөн Т.Балтагулов айыл өкмөтү менен кайрадан түзүү жөнүндөгү Т.Балтагулов айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аймактык-территориалдык реформанын негизинде жоюлган мурдагы Ак-Там жана Ак-Коргон айыл аймактары менен муниципалдык кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү боюнча түзүлгөн ижара келишимдери Т.Балтагулов айыл аймагы менен кайрадан түзүүгө макулдук берилсин.
2.Эки тараптуу келишимдерди кайрадан түзүүнү ишке ашыруу Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов |