Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-9

 

Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү бала бакчаларга

кошумча план берүү жөнүндө

                                                                                        

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү, жай мезгилинде иштеген бала бакчалардын балдарынан чогулган тамак-ашка каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:   

                    

1.    Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жай мезгилинде иштеген төмөндөгү бала бакчаларга ата-энелерден балдардын тамак-ашына чогулган акча каражатына кошумча план алынсын:

 

1)    А. Курманалиев атындагы бала бакчага – 116 110 сом;

2)    К. Тыналиев атындагы бала бакчага 104 775 сом;

3)    “Акжар-Сезими” бала бакчасына 150 000 сом.

          

           Жалпы сумма: 370 885 сом.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

   

Тѳрага

У.  Мелис уулу