Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-10 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2026-2027-2028- жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Кубанычбековдун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2026-2027-2028-жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2026-2027-2028- жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:

2026-жылга

-Жергиликтүү кирешелер – 87 964,7 миң сом;

-Теңдештирилиген грант-13 319,4 миң сом;

-Жалпы киреше-101 284,1 миң сом.

                               

2027-жылга

-Жергиликтүү кирешелер -101 571,2 миң сом;

-Теңдештирилиген грант- 16 119,4 миң сом;

-Жалпы киреше- 117 690,6 миң сом.

 

2028-жылга

-Жергиликтүү кирешелер – 116 202,5 миң сом;

-Теңдештирилиген грант- 19 319,4 миң сом;

-Жалпы киреше- 135 521,9 миң сом.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

Тѳрага

У.  Мелис уулу