Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясы
2024-жылынын 5-сентябры № 7/1
«Ак-Коргон, Баястан, Сафед-Булан жана Падек айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ак-Коргон, Баястан, Сафед-Булан жана Падек айылдарынын даярдалган Башкы пландарын угуп жана талкуулап чыгып Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Коргон, Баястан, Сафед-Булан жана Падек айылдарынын Башкы планы боюнча айтылган сунуш пикирлер эске алынып, кошумча-алымчасы менен бекитилсин.
2.Тийиштүү документтерди даярдап бүтүрүү жагы Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Анарбаевге жүктөлсүн.
3.Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов |